Вольфрам

Википедия дан
Вольфрам.

Вольфрам (лат. Wolframium, W) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIB группа элементи; к.н. 74; ат. м. 183,85. Табигый В. 180W; 182W; 183W; 184W жана 186W туруктуу изотоптор аралашмасы. В. жер кыртышында сейрек таралган элемент, м. б-ча 110-4 % түзөт. Эркин абалда кездешпейт. Көбүнчө В. к-тасынын туздары түрүндө кездешет. Мис., вольфрамит – xFeWO4yMnWO4, шеелит – CaWO4 жана штольпитт – PbWO4. 1783-ж. К.Шееле металл түрүндөгү В-ды WО3 көмүртек менен калыбына келтирүүдөн бөлүп алган:

WO3 + 3C = W + 3CO

В. - кыйындык менен эрий турган боз түстөгү металл, тыгызд. 19,3 г/см3; балкып эрүү темп-расы 3410оС; кайноо темп-расы 5930оС. Кадимки шартта туз, күкүрт, азот жана плавик к-таларына туруктуу. Азот жана плавик к-таларынын аралашмасында, щелочтордун эритмесинде ысытканда эрийт:

2 W + 4HNO3 + 10HF = WF6+WOF4 + 4NO + 7H2O

Бирикмелеринде II, IV, жана VI валентүү. Кадимки шартта хим. жактан туруктуу, кычкылтек менен 400-5000С окистенип, WО3 пайда кылат:

2W + 3O2 = 2WO3

Суутек менен жогорку темп-рада да реакцияга кирбейт. В. көмүртек менен карбид, кремний жана бор менен силицид, борид, галогендер менен WCl6, WI2 сыяктуу галогенид, күкүрт менен WS2, WS3 сульфид пайда кылат. В. жана анын бирикмелери вольфрамит жана шеелит минералдарынын конц. бөлүнүп алынат. В. металлургияда сапаттуу болот жана куймалар алууда, электротехникалык өнөр жайларда колдонулат. Кыргызстанда В. кени Ысык Көл областындагы Сарыжаз кенинде табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]