Неодим

Wikipedia дан
Неодим.

Неодим (латынча аталышы Neodymium, Nd) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 60, ат. м. 144,24. Н. масс. саны 129Nd, 130Nd,132Nd -152Nd, 154Nd, болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта Н. жети изотобу: 142Nd, 143Nd, 144Nd, 145Nd, 146Nd, 148Nd, 150Nd кездешет. Н. 1885-ж. австр. химик Аэур Фон Вельсбах тарабынан ачылган. Н. күмүш түстүү ак металл. Н. балкып эрүү температурасы 1024оС; кайноо температурасы 3027оС. Н. жер кыртышында таралыш м. боюнча 2,5×10-3 % түзөт. Ал жаратылышта эшинит минералынын курамында болот. Эшинит курамында Ca, Th, Ta, V, Nb, La, лантаноиддер оксиддери, көп сандаган церий жана Н. болот. Н. бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Анын окистенүү-калыбына келүү –потенциалы 2,43 барабар. Н. көптөгөн бирикмелери аныкталган. Н. бирикмелери түстүү айнек өндүрүүдө кеңири колдонулуп, андан кооз буюмдар (вазалар, керамика идиштери) жасалат жана сүрөт иштеринде, согуш, лазер техн-ында колдонулат. Магний, алюминий жана титан куймалары Н. менен легирленгенде алардын механикалык касиеттери жана жогорку темп-рага чыдамдуулугу жакшырат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]