Иттербий

Википедия дан
Иттербий.

Иттербий (лат. Ytterbium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 70, ат. м. 173,04. И. массалык саны 152Yb - 176Yb болгон 27 изотобу белгилүү, алардын ичинен массалык саны 168Yb, 170Yb, 171Yb, 172Yb, 173Yb, 174Yb, 176Yb болгон жети изотобу жаратылышта табылган. И. жер кыртышында таралышы 3×10-4% барабар. 1879-ж. швейц. химик, профессор Жан Шарль Галиссарде Мариньяк тарабынан ачылган. И. - күмүштөй ак металл; балкып эрүү темп-расы 8240С; кайноо темп-расы 14270С. И. этилендиаминтетрауксус к-тасы менен болгон комплекстик бирикмеси медицинада, изилдөө иштеринде, о. эле алюминий негизиндеги атайын куймаларды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]