Сымап

Википедия дан
Сымап.

Сымап (латын тилинен Hydrargyrum, Hg) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIВ группа элементи, к.н. 80, ат. м. 200,59. Табыгый С. массалык сандары 196Hg, 198Hg, 199Hg, 200Hg, 201Hg, 202Hg, 204Hg болгон жети туруктуу изотоп аралашмасынан турат жана алардын ичинен кеңири тараганы 202Hg (29,8 %). С. жер кыртышынын (массасы б-ча) 8×10-6  % түзүп, башка элементтер арасында араң гана 66-орунда тургандыктан ал чачыранды элементтер катарына кирет. С. маанилүү минералы - киноварь – HgS. Ири кендери Россияда (Донбасс, Сибирь) жана Орто Азияда, Кыргызстанда Айдаркен аймагында табылган. С. сууда, абада, өсүмдүк жана жаныбар денесинде, таш көмүрдө, нефтиде, жаратылыш газынын курамында ар түрдүү санда кездешет. 1759-ж. Браун кар менен азот кислотасынын аралашмасынын жардамында С. тоңдуруп, ал көгүш-күмүш түстөгү металл экендигин, созулгучтугун, чоюлгучтугун, көп түрдүү формага айланууга жөндөмдүү экендигин аныктагын. Эгерде С. суюк азотко же катуу көмүр кычкыл газы менен эфир аралашмасында тоңдуруп балка жасаса тактайга мык кагууга жарай тургандыгы аныкталган. С. тыгызд. 13,46 г/см3. Темп-ранын жогорулашы менен анын тыгызд. төмөндөйт. Мисалы: 20оСде 13,46 г/см3 болсо, 1300оСде 7,8 г/см3, ал эми 39,9оСде 14,193 г/см3 болот. Жылуулукту жана электр тогун күмүшкө салыштырмалуу 50 эсе начар өткөрөт. Ысытууда байкалаарлык кеңейгенден темп-раны өлчөө үчүн термометрлерде колдонулат. С. үч агрегаттык суюк, катуу жана газ абалда боло алат. Темп-ра жогорулаган сайын С. бууланышы күчөйт. Газ түрүндөгү сымап жытсыз, түссүз келип организм үчүн өтө зыяндуу. С. газ түрүнө айланышынын негизинде меркурнализм оорусу пайда болот. С. көп металлды эритүүгө жөндөмдүү, мисалы 18-250С. индий жана таллий 40 % жогорку санда эрийт. Жаратылышта С. алтын, күмүш жана палладий менен суюк же катуу амальгама түрүндө кездешет, мисалы, Ag12Hg (13,4 % Hg), Ag32Hg-Ag36 же Ag2Hg3 ; Au-Hg; Pd-Hg. Кээде амальгаманын курамындагы алтын менен палладий саны 34-44,4 % чейин жетет. Ошондуктан жаратылыштагы амальгама баалуу металлдар алууда негизги сырье болуп эсептелет. Электрохимия өнүгүшү менен С. катод катарында колдонулушу натыйжасында электролиз ыкмасы менен көп металлдар (Mg, Ca, Sr, Al, Zn, Na, Ra, Ti, Zr, U), ошондой эле өтө эле таза металлдар (тазалыгы 99,999999 % чейин) алууга жетишилди. С. бирикмелеринде II валенттүүлүктү эле эмес шарттуу түрдө I валенттүлүктү да көрсөтөт. Кычкылтек менен сымап ( I) оксиди – Hg2O, сымап (II) оксиди - HgO жана пероксидди - HgO2 берет. Алардын ичинен биринчиси туруктуу келип, эки формада (кызыл жана сары түстөгү) болот. Галогендер менен аракетенет. Бирок С (I). хлордун–Hg2Cl2 (каломель) жана С. (II) хлордун HgCl2 (сулема) кыйыр ыкма менен алынат. Каломель электродун даярдоодо пайдаланылат. Сулема өтө күчтүү уулуу зат болгондуктан эритме түрүндө айыл чарба өсүмдүктөр уруктарын дарылоо жана дезинфекциялоо каражат катары колдонулат. Каломель сулемадан айырмаланып уулуу эмес. С. металлдар чыңалуу катарында суутектен кийин жайгашкандыктан, суутекти к-талардан сүрүп чыгара албайт, конц. азот жана күкүрт к-тасында эрийт.

Hg + 2 H2SO4 = HgSO4 + SO2 + 2H2O 6 Hg + 8HNO3 = 3 Hg2(NO3)2 + 2NO + 4H2O же Hg + 4HNO3 = Hg(NO3)2 +2NO2 + 2H2 O С.табигый бирикмелеринен өзүнөн активдүү металлдар менен калыбына келтирүү менен бөлүнүп алынат. Мындан алынган сырье бир нече жолу буулантуу менен тазаланат:

HgS + Fe = FeS + Hg

Республикадагы Аайдаркен С. комбинатынын продукциясы тазалыгы боюнча дүйнөлүк эталон болуп саналат. Көптөгөн км созулган атм. аба басым мамычасынын бийиктиги бар болгону 760 мм болгон С. мамычасы менен теңөөгө болот. Ушул касиетине негизделип көптөгөн приборлор (барометр, ареометр ж.б.) жасалат. С. чоң термиялык кеңейүү коэффициенти аны түрдүү термометрлерде колдонууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]