Мазмунга өтүү

Азот кислотасы

Википедия — ачык энциклопедия

Азот кислотасы HNO3 – бир негиздүү күчтүү кислота. Түссүз суюктук, тыгызд. 1,5 г/см³, кайноо t 86 °C, суу менен жакшы аралашат азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Практикада 98-100 % А. к-на караганда 63-65 %, тыгызд. 1,44 г/см³ болгон А. к. көбүрөөк колдонулат. А. к-нын туздары жалпысынан нитраттар деп аталат. Күчтүү окистендиргич болгондуктан, туз к-тасы менен күкүрт кислотасынан айрымаланып, металлдар менен болгон реакциясында суутек бөлүнүп чыкпайт. Конц. А. кислотада алтын, платина өңдүү металлдан башка металдар баары окистенет. Бир көлөм (63 %) конц. А. к. менен үч көлөм туз кислотасынын аралашмасы “падыша арагы” деп аталат да, мында алтын жана платина металлдары ээрийт.

Өнөр жайларда А. к. аммиакты катализатор катышуусунда окистендирүү менен алынат:

Лабораториялык шартта конц. күкүрт кислотасын нитраттарга таасир этүү менен алынат.

Өнөр жайларда А. к. боекторду, жарылуучу заттар, азот жер семирткичтерин жана А. к. туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, күмүш) эритүүдө, алтын менен күмүштү кенден ажыратууда колдонулат. А. к-нын буусу адамды ууландырып, эритмеси терини күйгүзөт. Өнөр жай имаратындагы өлчөмү 50 мг/м³дан ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]