Германий

Wikipedia дан

Германий (лат. Germanium),– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы IVА группа элементи; к.н. 32; ат. м. 72,59. Массалык сандары 70Ge, 72Ge, 73Ge, 74Ge, 76Ge болгон туруктуу изотоптору белгилүү. 1871-ж. Д.И. Менделеев өзүнүн мезгилдик закону негизинде Г. негизги касиеттерин алдын ала айтып, ал касиеттери б-ча кремнийге окшош болгондуктан аны “экасилиций” деп атаган. 1886-ж. К.Винклер бул элементти ачып, өз өлкөсүнүн урматына «германий» деп койгон. Г. жаратылышта таза кездешпейт. Ал минералдарда, нефть сууларында, көмүрдө, өсүмдүктө, балырда болот. Жер кыртышынын 410-4 % (массасы б-ча) түзөт. Г.–металл сымал жалтырак, катуу зат; тыгызд. 5,35 г/см3; балкып эрүү темп-расы 58,5о; кайноо темп-расы 2850о. Хим. бирикмелеринде II жана IV валенттүү. Кадимки шартта туруктуу, конц. күкүрт к-тасында жана падыша арагында жай эрийт. Абада 700оС жогорку темп-рада Г.(II) оксидин GeO жана кош (IV) оксидин GeO2 пайда кылат. Ысытканда Г. галогендер менен аракеттенип, тиешелүү тетрагалогенидди берет. 1000оС күкүрт менен аракеттенип сульфиддер: GeS, GeS2, суутек менен Г. суутектүү бирикмесин жана металлдар менен германиддер пайда кылат. Г. түстүү металлургия өнөр жайларда GeO оксидин 7000С чейин ысытып калыбына келтирүүдөн алынат:

GeO + 2H2= 2Ge + 2H2O

Г. жарым өткөргүч катары радиотехникада, куймалар курамында, линза материалдары катары инфракызыл нурун алууда жана электро аспаптарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]