Көмүр

Википедия дан
Көмүр.

Көмүрсүрөт технологиясында – белгилүү бир сорттогу жыгачты күйгүзүү менен же атайын көмүр массасынан формага келтирилген жука таякча түрүндөгү сүрөт тартуучу материал. Пресстелген К. көмүр күкүмүнө өсүмдүк клейин кошуу менен жасалат. Көмүр менен тартылган сүрөт техникасы да К. аталат. Кадимки (жыгач) К. менен тартылган сүрөт баркыттай жумшак, өтө кара эмес жана сөзсүз бекемдөөнү талап кылат. Пресстелген К-дүн түрү андан караарак болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]