Мунай

Википедия дан
Нефть‎»‎ барагынан багытталды)

Мунай ― мүнөздүү жыты бар, саргыч-күрөң түстөгү, илээшкек май сымал күйүүчү суюктук. Жердин чөкмө тоотек катмарларында жайгашат.

Тыгыздыгы боюнча суудан жеңил.

Кайноо t 100°С төмөн. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү — 10500 ккал/кг. Элементтик курамы: 84-87% С, 12-14% Н, 0,5-2% О. Н. негизи углеводород (парафиндүү жана ароматтуу) аралашмасынан жана курамында кычкылтеги, күкүртү азоту бар углеводороддон турат. Углеводороддуу бөлүгү углеводороддон турат. Чексиз углеводороддор Н. курамында кездешпейт. Н. негизги массасы С5Н12, С15Н32 суюк парафиндер. Нафтен углеводороду, циклопентан, циклогексан жана алардын гомологдору түзөт. Бензол, толуол, ксилол түрүндөгү ароматтык углеводороддор аз. Ар түрдүү класстагы углеводород санына жараша Н. парафиндүү, нафтендүү жана нафтен-ароматтык болуп бөлүнөт. Мисалы, нафтендүү Н. курамындагы нафтен углеводороддору саны 60% чейин жетет. Орг. бирикме түрүндө (нафтен к-тасы, фенол ж, б. чайыр заттары) кычкылтек саны 0,1 -5,7% түзөт. Бул бирнкмелер Н. күңүрт өң берип, ысытууда ажырайт жана кокстошот. Күкүрт эриген турүндө же меркаптан, сульфид, дисульфид, тиофен бирикмелеринин курамында болуп анын Н. саны 2% чейин жетет. Н. бардык түрүндө азот, кукүрт, кычкыл-тек суутек жана көмүртек турган жогорку мол-луу асфальт чайыр заттары болот. Кээ бир Н. ичинде мындай зат саны 40% чейин жетет. Минераддык заттар (суу, туздар ж. 6.) аз санда болсо да, Н. курамында кездешет. Өндүрулгөн Н. 90-95% энергия алууда, 5-10% гана химимялык  өнөр жайында сырьё катары колдонулат. Н. эн көп өндүргөн өлкөлөргө Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Аравиясы, Орусия, Азербайжан жана башка өлкөлөр кирет.

Ал 1,2- 2 кмден ашык тереңдикте газ абалындагы көмүртектер менен бирге пайда болот. Түрдүү көмүртектерден (алкан, циклоалкан, ароматтуу көмүртектерден), көмүртек менен суутектен, о. эле аз са нда кы чкы лтек, күкүрт, азот сыяктуу гетероатомдору бар түрдүү бирикмелерден турат. Күйгөндө 43,7-46,2 Мдж/кг жылуулук берет. Органикалык эриткичтерде эрип, сууда эрибейт, бирок анда туруктуу эмульсияны пайда кылат. Ири мунай-газдуу чөкмө тектүү бассейндер платформалык, бүктөлүү-платформалык аймактардын ички жана четки ийилүүлөрүндө, о. эле периокеандык платформалуу облустарда жайгашат. Запасы боюнча дүйнөдөгү эң ири мунай-газ бассейндеринин бири - Перс булуңу. Мунайдын кени Антарктидадан башка бүт континенттерде жана океан акваториясынын кыйла бөлүктөрүндө бар экендиги аныкталган. Дүйнөдө мунайдын 30 миңден ашык кени белгилүү (1996), анын 15- 20% газ-мунай кендери. Казып алынган дүйнөлүк мунайдын 85%ке жакынын кендердин 5%ин гана берет. Мис., эки кенде - Гавар (Сауд Арабстаны) жана Бурган (Кувейт) кендеринде гана мунайдын дүйнөдөгү чалгындалган запасынын 20%тен ашыгы топтолгон. Кыргызстандагы мунай-газ кендери Ноокен, Сузак, Лейлек, Кадамджай районун аймактарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2