Химия

Wikipedia дан

Химиялык теориялык түшүнүктөр системасын калыптандыруунун методологиясы

 Жакышова Б.Ш. КББА

           Ачкыч сөздөр: химиялык  теориялык түшүнүктөр системасы, дидактикалык талаптар, системалык, иш аракеттик концептуалдык ыкмалар, теориянын негизги жоболору, фактылар, закондор.
          

Химиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун эффективдүүлүгү ага туура келүүчү методологияны тандап алуудан жана аны максатка ылайык пайдалануудан көз каранды болот б.а. методология - мазмунду өздөштүрүүдөгү иш аракеттин структурасы, логикалык жактан уюштурулушу, методдору жана каражаттары жөнүндөгү окуу. Химиялык түшүнүктөр системасын калыптандыруу өзүнүн жаратылышыбоюнча диалектикалык мүнөзгө ээ, себеби ой жүгүртүүнүн бул формасы өнүгүү процессиндеги динамикасын жана анын карама каршылыгын чагылдырат. Ошондуктан диалектикалык метод - түшүнүктөрдү калыптандыруунун жана анализдөөнүн адекваттуу жолу. Бул методдо диалектиканын принциптери жана закондору жетектөөчү орунду ээлейт.

            Окуучуларда химиялык  теориялык түшүнүктөр системасын калыптандыруунун жалпы илимий негиздери болуп – системалык, иш аракеттик жана  концептуалдык ыкмалар кызмат кылат.
           Системалык ыкмада  түшүнүктөрдүн жана алардын системаларын структуралык жана структуралык функционалдык негизде  анализдейт б.а.  татаал химиялык объектилерди окуп үйрөнүүдө, аларды бир бүтүн нерсе катары калыптандыруу.  «Система» - бул өз ара байланышкан элементтердин бир  бүтүн комплекси.
           Иш аракеттик ыкмада – түшүнүктөрдү  бизди курчап турган чындыктын бир идеалдуу чагылышы катары карабастан, ошол эле учурда таанып билүүнүн социалдык тажрыйбасынын  идеалдуу формасында да  кароо керек.
           Бул жерде  илимди түшүнүктөрдү  жандандыруу үчүн даяр жана  алынган жыйынтыктардын топтолушунун өздөштүрүлүшү   катары гана кабыл албастан, ошол эле учурда окуучулардын билимди алууга карата болгон иш аракети да каралышы керек. Бул  принцип  педагогикалык практикада дайыма эле иш жүзүнө аша бербейт. Анын себеби катары убакыттын жетишсиздиги.  Бирок сабакта  илимий билим гана ачылбастан, анын алыныш жолдору да белгилүү болууга тийиш.
           Илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун   дагы бир  методологиялык негизи болуп – концептуалдык ыкма саналат. Ал  системалык ыкма жана моделдештирүү менен тыгыз байланыштуу. Бул ыкманын  ишке ашырылышындагы каражаттарды Н.Е.Кузнецова  изилдеген.
           Ал химия илиминин бир чоң маселеси катары б.а.  заттарды (керамиканы, айнекти, цементти, боёчу заттарды, дары дармектерди, булаларды, каучуктарды, мотордук отундарды ж.б.) берилген касиеттери  боюнча  өндүрүү баса белгилеп көрсөткөн.
           Бул химиянын өндүрүштүк маселеси, аны чечүү үчүн ар бир заттын касиети  жөнүндө билимге ээ болуу зарыл. Б.М. Кедров өзүнүн моделинде заттардын касиеттери: аны түзүп турган атомдордун составынан жана молекулалардын структурасынан көз каранды деп эсептеген.
Н.Е.Кузнецова болсо химиялык билимдердин төрт деңгээлин  же  төрт химиялык концептуалдык  системасын көргөзгөн. Анын критерийи болуп  химиялык теориялык маселелерди чечүүнүн  төмнөкүдөй жолдорун сунуш кылган:
           I. Концептуалдык  система же химиялык билимдердин биринчи деңгээли -заттардын касиеттерин окуп үйрөнүү, бир гана  алардын элементардык составынан көз каранды экендигин аныктайт.
           II. Концептуалдык  система же химиялык билимдердин экинчи деңгээли-  заттардын касиеттери алардын молекулаларынын структруасынан (реакцияга жөндөмдүүлүгүнөн ) көз карандуулугун  аныктайт.
           III. Концептуалдык  система же химиялык процесстер жөнүндөгү окуу, бул жерде өзгөрүүгө дуушар болгон заттарды эмес,  заттардын реакцияга кирүүчү жөндөмдүүлүгү -  алардын составынан, структурасынан,  реакцияга кире турган заттардын жаратылышынан, катализаторлордон көз карандуулугун окутат.
           IV. Концептуалдык  система  же  эволюциялык химия  химиялык реакция учурунда заттардын өзүн өзү өнүктүрүүсүнүн ишке ашырылышын карайт. (катализатордук).
            Окутуу процессинде химиялык түшүнүктөрдү калыптандырууда  эң негизгиси болуп, окутуунун максатын ишке ашыра турган  химия предметинин мазмунун тандоого болгон дидактикалык талаптарсаналат.

Окутуунун максаты – деп билим берүүнүн мазмунун бардык компонентеринин окуучулар тарабынан толук өздөштүрүлүшүн камсыз кылууну айтабыз. Окутуунун бирдиктүү максаты - сабакта билим берүүчүлүк, тарбиялоочулук жана өнүктүрүүчүлүк функциялардын (милдеттердин) аткарылышында ишке ашырылат. Окутуунун бул максаттары билим берүүнүн мазмуну менен, ал эми билим берүүнүн мазмуну болсо негизинен төмөнкү төрт элементти камтый тургандыгын толугураак чечмелеп көрсөтөлү. 1. Жаратылыш, техника, коом, адам жөнүндөгү жана ишмердүүлүктүн ыкмалары жөнүндөгү билимдердин жыйындысы (илимдин негиздери) ; 2. Ишмердүүлүктүн буга чейинки жалпыга белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажырыйбалары ( билимдерди практикалык жана интелектуалдык иштерде колдонуунун ыкмалары, б.а. билгичтиктер жана көндүмдөр); 3. Чыгармачылык менен өз алдынча изденип эмгектенүүнүн тажырыйбасы (чыгармачылык менен эмгектенүү атайын интеллектуалдуу иштерде кездешет, аны күн мурунтан алдын ала жөнгө салынуучу аракеттердин системасы катарында көрсөтүү мүмкүн); 4. Бизди курчап турган объектилерге, айлана-чөйрөдөгү алардын ар кандай көрүнүштөрүнө, адамдарга эмоциялуулук менен адамгерчиликтүүлүк, боорукерлик менен мамиле кылуунун тажырыйбасы (тарбиялуулуктун, ыймандуулуктун белгилери). Бул мазмундун төрт түрү бардык курстун чегинде каралат.

           Химия предмети боюнча окуучулар илимдин негиздери менен таанышууда төмөнкүлөр ишке ашат:
           - химиялык закондорду, теорияларды, түшүнүктөрдү окуучулардын аң сезимдүү өздөштүрүүсун камсыз кылуу, химия илиминин методдору менен тааныштыруу;
           - эмгекке, предметти сүйүүгө, жаратылышка сарамжалдуу мамиле жасоого, акыл эмгегине, адеп ахлактуулукка тарбиялоо жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды түшүндүрүү;
           - окуучулардын ой жүгуртүүсүн, билимге ээ болуудан өз алдынчалыгын жана чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрүү, түрдүү окуу иш аракеттерине үйрөтүү;
           - эл чарбасынын негизги тармактары, химия илиминин айлана чөйрө үчүн мааниси менен тааныштыруу, хемофобияны жеңе билүүгө көмөктөшүү;
           - окуучулардын практикалык билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу, аң сезимдүү кесип тандоого даярдоо.
           Окутуунун максатын, демек били берүүнүн мазмунун жогоруда көрсөтүлгөн элементтерин, ошондой эле аларды өздөштүрүүнун ыкмаларын билүү менен биз окутуунун ар кандай методундагы мугалимдин жана окуучунун да эмгектенүүсүн спецификалык бөтөнчүлүгүн аныктай алабыз. Билим берүүнун мазмунун жогорку элементтеринин ар бири окутуунун өз өзүнчө ыкмасы менен өздөштүрүлөт. Мисалы дүйнө жөнүндөгү кандайдыр бир билимди өздөштүрүү адегенде сезип, кабыл алуудан  башталат. Окуучу предметтерди же окуяларды сезет, сезип кабыл алгандардын бардыгы анын сезиминде белгиленет. Сезүү тажырыйбасы өнүккөн сайын ал жаңы сезилгендерди мурункулар менен салыштырат да аларды белгилүү системага келтирет, алардын арасында байланышты баамдап билет, бул билимдин бардыгы окуучунун эсинде бекемделип, сакталып калат. Мына ошентип, билимдер адам тарабынан ар түрдүү кабыл алуулар аркылуу өздөштүрүлөт. Бул ой жүгүртүү процесстери бири бири менен өз ара тыгыз байланыштуу.

Химиялык реакциянын закон ченемдүүлүктөрүн билбей туруп, реакцияны жүргүзүү мүмкүн эмес. Окуп үйрөнүлүүчү объект жөнүндө экспериментсиз толук маалымат алуу мүмкүн эмес б.а. окуу китеби менен иштей алуусу. Адам баласы чыгармачылык аракетке ээ болбосо, анда ал көчүрүп алуу аракетин өнүктүрүү менен гана чектелип калып, анын оригиналдык ойлору пайда болбошу мүмкүн. Анда ал татаалдашкан маселелерди чече албайт, анткени инсандын эмоционалдык-эрктик чөйрөсүнун негизинде, анын окуп үйрүүчү объектиге болгон билими- ишенимге өтөт да, ал жөнүндө илимий көз карашы калыптанат. Бул процесс билимге жана көндүмгө ээ болуудагы чыгармачылык иш аракеттин негизинде ишке ашат.

           Химиянын мектептик курсун камсыз кылган химиялык билимдердин системасына (мазмунуна) жана ага болгон дидактикалык талаптарга токтолобуз.
           Дидактикалык мазмунга болгон талаптардын эң биринчиси болуп – илимийлүүлүк саналат. Бул принципте окуу мазмунунда реалдуу заттардын жана андагы болуп жаткан процесстердин чагылдырылышы, алардын ортосундагы байланыштардын ачылышы, ошондой эле алардын маңызын диалектикалык-материалдык түшүндүрүлүшү. Мазмундун илимийлүүлүгү  качан гана окуучулар даяр жыйынтыктар менен таанышканда эмес, алардын изилдөө методдору менен таанышканда гана жеткиликтүү болот.

Ал эми фактылардын, кубулуштардын, процесстердин илимий жактан ачылышы – жеткиликтүүлүк принциптин негизинде ишке ашат. Окуу материалынын жеткиликтүүлүгү болуп, окуу материалынын буга чейинки белгилүү маалыматтар менен болгон байланыштарынын ишке ашуусу саналат. Мисалы, 10 – класста орбиталдардын гибриддешүүсүн түшүндүрүү үчүн сөзсүз түрдө атомдун түзүлүш теориясы боюнча маалыматка ээ болушу зарыл. Системалуулук принциби – канчалык бир даражада системдүүлук менен байланыштуу б.а. окуучунун аң-сезиминде илимий билимдердин системасын алардын фактыларын, байланыштарын, теорияларын иреттүү чагылдыруу.

           Бирок, системалуулук белгилүү бир мазмундун түзүлүшүн жана логикасын карайт. Химия курсунда зат, химиялык элемент, химиялык реакция ж.б. окуп үйрөнүлүүчу объектилер окуучулардын алар жөнүндө толук жана объективдүү элестөөлөрүнө ээ болуусун камсыз кылуу үчүн ар жагынан окутулат. Бул үчүн мугалим ар бир түшүнүктүн структурасын так элестете билүүсү милдеттүү, б.а. структуралык элементтеринин теориясын жана өз ара байланышын жана окуучуга берилүүчү конкреттүү билим берүүчүлүк максатын. Системдүүлүктүн талабы ушундай. Курстун системалуулугу окуу материалынын логикалык удаалаштык боюнча  түзүлүшү менен көрсөтүлөт.
           Системдүүлүк принцибин иш жүзүнө ашырууда   мугалим таанып билүүнун белгилүүдөн белгисизди, жөнөкөйдөн татаалды, төмөндөн жогору карай деген закон ченемдүүлүктөрүн эске алуу зарыл. Реалдуу чындыктын маңызын ачып берүү жана аларды окуучулардын аң сезиминде туура чагылдыра билүү зарыл. Мисалы, заттардын касиеттерин окуп үйрөнүү алардын составы жана түзүлүшү жөнүндөгү билимге таянат, ал эми колдонулушу – касиеттери жөнүндөгү билимдерге.  Алсак, химиялык элемент жөнүндөгү түшүнүк алгач атомдун бир түрү деп берилсе, ал эми  атомдун түзүлүш теориясын окуп үйрөнгөндөн кийин,  ядросунун заряды бирдей болгон атомдордун түрү деп берилет. Атомдун өзү болсо башында бөлүнбөс бөлүкчө катары каралса, кийин өзүнчө бир структурага ээ болгон татаал система катары окутулат. Материалдарды систематикалык түзүүдө эки логикалык ыкма кызмат кылат:

- индуктивдик; - дедуктивдик. Индуктивдик ыкма негизинен окутуунун алгачкы баскычтарында колдонулат, башкача айтканда теориялык жактан жалпылоого болгон фактылык база жок болгон учурда колдонулат. Мисалы, VIII- класстын химия курсунда заттарды жана химиялык реакцияларды окуп үйрөнүү индуктивдүү ыкма менен ишке ашат. «Кычкылтек». Оксиддер. Күйүү» деген темада окуучулар оксиддердин ар түрдүү өкүлдөрү менен таанышышат, андан кийин алардын органикалык эмес бирикмелердин негизги класстарынын бири катары оксиддерге жалпы мүнөздөмө бере алышат.

           Дедуктивдик ыкманын мисалы болуп, мезгилдик закондон жана заттардын түзүлүшү теориясынан кийин окуган темалар кирет. Бул учурда алгач подгруппага толук мүнөздөмө берилет, Элементтердин, жөнөкөй заттардын жана бирикмелердин касиеттери жөнүндө алдын ала айтылат, андан кийин жогорку теориялык фонддо ошол подгруппанын өкүлдөрүнүн ар бири каралат.
           Системдүүлүк принцибин ишке ашыруу предметтик аралык байланыштарды да камсыз кылат. Окуучуларга мазмунду ачып берүүдө илимдин диалектикасын көрсөтүү максатында – б.а. адам баласынын таанып билүү диалектикасы жандуу баамдоодон – абстрактуу ой жүгүртүүгө - андан практикага карай илимий элестөөлөрдүн өсүшүн көрсөтүү. Мына ушунун өзү тарыхка кайрылуу принцибин ишке ашырат.
           Жыйынтыктап алганда химия курсунда окулуп үйрөнүлүүчү теориялар бири биринен айырмаланат, себеби ар кандай кубулуштардын себеп- натыйжа байланышын ачып берет. Бирок теориялардын түзүлүшү боюнча алып караганда бири-бирин байланыштырган өзөк катары кызмат кылган түшүнүктөр- алардын жалпылуулугун көрсөтөт.мындай өзөктүн болушу орто мектепте химиялык түзүлүштөрдү өздөштүрүүнүн талабын аныктайт, б.а. теориянын структуралык элементтердин ортосундагы байланыштарды көсөтө билүү билгичтиги фактылар-түшүнүктөр –закондор. Окуучуларды бул билгичтиктердин калыптанышына билим алуудагы фармалдуулукту, окуу материалын ой жүгүртүүсүз эле өздөштүрүүнү жоюуга шарт түзөт. Мектептик химия курсунун түшүнүктөрүн окуп үйрөнүү жана тандоо методикасы психология жана дидактика илимдеринин негизинде ишке ашырылат.Анткени илимий түшүнүктөрдүн өнүктүрүүчүлүк мүнөзгө ээ болуусу жалпы белгиленген дидактикалык бирдик катары аныкталган. Бул болсо илимий түшүнүктөрдү калыптандыруу процессинде окуучу менен мугалимдин ортосундагы өз ара байланышты б.а. ар бир окуучунун жекече инсандык мүнөзүн жана өздөштүрүү механизмин, жөндөмдүүлүгүн билүү милдеттүү. Демек химиялык теория мазмундун обьекти катары – окуучулар тараптан качан гана төмөнкү байланыштарын түзө алган учурда кызмат кыла алат “фактылар-түшүнүк”, “түшүнүк – теориянын негизги жоболору “, ”теориянын негизги жоболору –фактылар. Бирок химиялык түшүнүктөр билимди өздөштүрүү менен бирге эле  окуучунун иш аракетинин өнүгүү деңгээлдерин  да камтыйт.

Колдонулган адабияттар: 1. Кузнецова Н.Е. Формирование систем понятий при обучении химии. М. «Просвещение», 1989. 2. Титова И.М. Обучении химии . Психолого- методический подход. – КАРО, 2001. 3. Зайцев О.С. Методика обучения химии. Учебник для вузов. – М., 1999. 4. Сергеева Т.А., Зайцев О.С. Исторический аспект анализа учебников по общей химии.-В кн.: История и методология естественных наук. Химия. Вып.28.– М.,1982. 5. Чернобельская Г.М. Основы методики обучения химии. - М.: Просвещение 1987. 6. Чернобельская Г.М. Методика обучения химия в средней школе.-М. - Владос 2000.-336 б.