Органикалык химия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Органикалык химия – көмүртек бирикмелерин изилдөөчү илим. Бирок көмүртектин кээ бир бирикмелери, мисалы, көмүртек кычкылдары, көмүр кислотасы жана анын туздары, металл карбиддери, көмүртектин ар түрдүү аллотропиялык формалары органикалык эмес химия курсунда каралат. Көмүртек башка бардык элементтерден айырмаланып, бири-бири менен байланышып, түз, тармактуу жана циклдүү чынжырчаларды пайда кылат. Көмүртек атомдорунун ортосунда жөнөкөй, кош жана үчтүк байланыштар болот. Демек, жалгыз гана көмүртек бирикмелери башка бардык элементтердин (суутекти кошпогондо) бирикмелеринин суммасынан алда канча көп. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын, башкача айтканда тирүү организмдердин негизги курамы көмүртек бирикмелеринен тургандыктан, аларга «органикалык заттар» деген ат берилген. Органикалык заттардын пайда болушунда көмүртектен башка суутектин мааниси да зор. Азыр белгилүү болгон 6 млнго жакын органикалык бирикменин 500–600үнүн гана курамында суутек атому жок. Демек органикалык заттардын негизин С менен Н2нин бирикмелери түзөт. Алар көмүртектүү суутектер же углеводороддор деп аталат. Бардык органикалык бирикмелер ациклдүү, карбоциклдүү жана гетероциклдүү болуп үч негизги класска бөлүнөт. Ациклдүү бирикмелерге ачык чынжырлуу углеводороддор жана алардан алынган заттар, карбоциклдүү бирикмелерге цикли көмүртек атомдорунан гана турган углеводороддор жана алардын туундулары тиешелүү. Гетероциклдүү бирикмелердин циклинде көмүртек атомдорунан башка О, N, S, P, сыяктуу элементтер болот. Азыркы мезгилде синтез жолу менен циклде жогорку элемменттерден башка валенттүүлүгү экиден кем эмес бардык элементтердин гетероциклдүү бирикмелери алынган. Органикалык заттарга табиятта тараган нефть, көмүр, күйүүчү сланецтер, табигый каучук, тирүү организмге эң керек углеводдор, белоктор, гормондор, нуклеин кислоталары, витаминдер, алколлоиддер тиешелүү. Органикалык химия өз алдынча илим болуп 19-кылымдын башында гана бөлүнүп чыкты. Бирок, органикалык заттар адам баласына байыркы заманда эле белгилүү болуп, тиричилигинде колдонгон. Б. з. ч. эле адамдар камыштан кантты, жүзүмдүн ширесин ачытуудан спиртти, өсүмдүктүн курамынан боёкторду алуу жолдорун билишкен; өсүмдүк жана жаныбар майларын пайдаланышкан. «Органикалык химия» терминин 1-жолу швед окумуштуусу И. Я. Берцелиус 19-кылымдын башында киргизген. 1822–23-ж. немис химиги Ф. Вёлер жана франциялык химик Ю. Либих изомерия кубулушун ачкан. 1828-ж. Ф. Вёлер 1-жолу козу кулак кислотасы менен мочевинаны органикалык эмес заттардан синтездеп алган. 1842-ж. орус окумуштуусу Н. Н. Зинин нитробензолду калыбына келтирүүдөн анилинди, 1845-ж. немис химиги А. Кольбе уксус к-тасын, 1854-ж. франциялык химик П. Бертло майлар классына, 1861-ж. А. М. Бутлеров канттар катарына кирген заттарды синтездеп алышкан. Булардын бардыгы ошол мезгилде үстөмдүк кылган «витализм» («vita»-тиричилик) теориясын жокко чыгарышкан. Органикалык химияда теориялык түшүнүктөр, радикалдар теориясы (Либих, Вёлер ж. б.) пайда болгондон баштап өнүгө баштады. Бул теория бир молекуладан экинчи молекулага өзгөрбөй өткөн органикалык бирикмелердеги атомдордун топторуна (радикалдар) негизделген. Андан кийин типтер теориясын түзүшкөн. Бул теория органикалык заттарды жөнөкөй органикалык эмес бирикмелерге окшоштуруп класстарга бөлгөн. Мисалы, спирттер – суу, аминдер – аммиак, галогеналкилдер хлордуу суутек тибиндеги бирикмелер деп эсептелген. Кийинчерээк Ф. Кекуле метан тибин сунуш кылып, ага чектүү углеводороддор тиешелүү болгон. Демек, бул теория органикалык бирикмелерди класстарга бөлүп, азыркы классификациянын негизин түзгөн. 1853-ж. Е. Франкленд валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. 1861-ж. А. М. Бутлеров органикалык заттардын түзүлүш теориясын сунуш кылган. Бул теория боюнча молекуланы пайда кылган атомдор молекулада баш аламан эмес, валенттүүлүктөрү боюнча белгилүү бир тартипте жайгашышат. Теория органикалык химия илиминин андан ары өсүшүнүн негизин түзгөн. Азыр бул теория эки багытта стереохимиялык (мейкиндик) теория жана электрондук теория болуп, өнүгүп келе жатат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]