Гормон

Википедия дан

Гормондор (гр. hormonio - дүүлүктүрөм, кыймылга келтирем) - кээ бир атайын органдарда же ткандарда иштелип чыккан, организмдин зат алмашуусуна жана физиологиялык функцияларына таасирин тийгизген биологиялык жактан активдүү заттар. “Г.” терминин 1905-ж. Э. Старлинг киргизген. Г. ички секреция бездеринде иштелип чыгарылат. Ички секреция бездеринен бөлүнүп чыккан заттар түз эле канга кошулат. Ал эми сырткы секреция бездерине тер, шилекей, жаш бездери кирет. Булардан иштелип чыккан заттар сыртка бөлүнөт. Борбордук нерв системасынын клеткалары бөлүп чыгарган Г. нейрогормондор, ал эми өсүмдүктө Г-дун бардык типтери болот, ал фитогормондор деп аталат. Омурткалуу жаныбарларда ички секреция бездерине (эндокринндик бездер) төмөнкүлөр кирет: калкан, кошкалкан, бөйрөк үстүндөгү без, уйку бези, жыныс бездери, гипофиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]