Физиология

Википедия дан

Физиология (грек.φύσις — жаратылыш жана λόγος — окуу) — Организмде болуп жаткан баардык процесстерди окутуучу илим болуп саналат. Физиология табигый илимдердин бирден бир дисциплинасы катары толук организмди же андагы болуп жаткан жалпы физиологиялык процесстерди (органдар) же болбосо ар бир процессти өзүнчө изилдеп келет. Илимдин синтетикалык аймагы катары, физиология организмде болуп жаткан баардык процесстердин закон ченемдүүлүктөрүн, айлана чөйрө менен болгон карым катнаштагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзөт.
Физиология эки багытты изилдейт: өсүмдүктөрдүн физиологиясын жана адамдын жана жаныбарлардын физиологиясын.
Физиология — кишинин жана жаныбарлардын тиричилик аракетиндеги айрым процесстерди жана механизмдерди изилдөө менен бүтүндөй организмдин иштөөсүн түшүндүрүүчү биологиялык илим. Башка биологиялык илимдер (биофизика, биохимия, генетика жана башкалар) менен бирдикте медициналык илимдердин теориялык негизин түзөт. Ал кадимки жана патологиялык физиология болуп бөлүнөт. Кадимки физиология соо организмдин ишин, патологиялык физиология тигил же бул оорунун пайда болушуна алып келген процесстердин өөрчүү закон ченемин изилдейт. Кадимки физиология жалпы, салыштырма жана атайын физиология болуп да бөлүнөт. Атайын физиологияга жаныбарлардын физиологиясы, эмгек, спорт, космос физиологиясы жана башкалар кирет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8