Нуклеин кислоталары

Wikipedia дан

Нуклеин кислоталары, полинуклеотиддер – табиятта кеңири таралып, нуклеотиддерден турган биологиялык активдүү биополимерлер. Аны 1-жолу 1868-жылы щвейцариялык илимпоз Ф. Мишер клетка ядросунан бөлүп алган. Нуклеин кислоталарынын генетикалык информацияны сактоо жана аны келечек муунга өткөрүү, митоз, белоктордун биосинтезин жана башка биохимиялык процесстерди ишке ашырууда биологиялык мааниси чоң, башкача айтканда организмдин түрүн, формасын, курамын жана функциясын аныктайт. Нуклеин кислоталары курамына кирүүчү моносахариддерге карата 2 түргө бөлүнөт. Нуклеин кислоталарынын курамында рибоза болсо, рибонуклеин комитетасы (РНК), ал эми дезоксирибоза болсо, дезоксирибонуклеин комитетасы (ДНК) деп аталат. Нуклеин кислоталарынын молекуласында нуклеотиддер бири-бири менен 3', 5' көмүртек атомдорундагы фосфаттык байланыш аркылуу байланышкан. РНКга углевод – рибоза, азоттуу компонеттер – аденин, гуанин (пурин негиздери), урацил жанацитозин (пиримидин негиздери) кирет. ДНКда углевод дезоксирибоза, азоттуу негиздер – аденин, гуанин, цитазин жанатимин болот. Нуклеин кислоталары белоктор сыяктуу эле биринчилик жана экинчилик структурага ээ. Нуклеотиддердин ырааттуу түз тизмекте жайгашышы биринчилик структураны, ал эми макромолекулалардын мейкиндикте жайгашышы экинчилик структураны берет, ошондой эле к. Дезоксирибонуклеин кислоталары, Рибонуклеин кислоталары.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]