Дезоксирибонуклеин кислотасы

Википедия дан
ДНК.

Дезоксирибонуклеин кислотасы, ДНК — нуклеотиддерден турган биополимер; нуклеин кислоталарынын бири. Ал ар бир организмдин клеткасынын ядросунда бар. ДНК тирүү организмдин түзүлүшү, өөрчүшү жана жеке касиеттери жөнүндөгү генетикалык информацияны сактап, укумдан тукумга берет. ДНКнын молекуласы полинуклеотид тизмегинен түзүлгөн кош спиралдан турат. Ал тизмек 4 түрлүү көп сандаган нуклеотиддерден түзүлөт. Анын составына азот негиздери (аденин гуанин, цитозин, тимин), канттуу бөлүк (дезоксирибоза) жана фосфор кислотасы кирет.

ДНК молекуласынын бир бөлугүнүн түзүлүш схемасы. Азоттуу негиздер:

ДНК чынжырчасында катар жайгашкан 3 нуклеотиддердин айкалышы (триплет же кодон) генетикалык кодду түзөт. ДНК чынжырчасындагы нуклеотиддердин ырааттуулугунун бузулушу организмдин тукум куума өзгөргүчтүгү — мутацияга алып келет. ДНК гендин өзгөчөлүгүн жана химиялык касиеттерин белгилейт.

ДНКнын молекуласы организмдин ар бир клеткасынын ядросунда туруктуу өлчөмдө болот. ДНКнын туруктуулугу генетикалык информацияны кийинки муундарга так берүүнү камсыз кылат. Клетка бөлүнгөндө ДНКнын молекуласынын кош чынжыры ажырап, ар бир чынжырынан баштапкы молекулага так окшош кош чынжырлуу молекула пайда болот. ДНКнын молекуласынын түзүлүшүн табуу жана аны өзгөртүү жаныбарлар, өсүмдүктөр, микроорганизмдерде тукум куума өзгөрүүлөрдү алууга, ошондой эле тукум куума кемтиктерди оңдоого жол берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Дезоксирибонуклеин кислотасы