Генетикалык код

Википедия дан
Генетикалык код.

Генетикалык код — нуклеин кислоталарынын молекулаларындагы тукум куума информацияны туюндуруучу нуклеотиддердин жайгашуу тизмеги. Нуклеин кислоталары дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) менен рибонуклеин кислотасында (РНК) нуклеотиддердин 5 тиби (ар бир нуклеин кислоталарында төрттөн) болот. Булар бири биринен курамындагы азоттуу негиздер менен айырмаланат. ДНКнын курамында аденин (А), гуанин (Г), цитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНКда тиминдин (Т) ордуна урацил (У) болот. Генетикалык коддогу коддоочу нуклеотиддердин саны (4) менен белоктогу амин кислоталардын саны (20) дал келбегендиктен, коддун саны (башкача айтканда 1 амин кислотаны коддоочу нуклеотиддин саны) триплет (43=64) болот, башкача айтканда бир амин кислотага 3 нуклеотид (кодон) туура келет. Гендеги нуклеотиддердин тизмеги төмөндөгүдөй ЦЦГ-АЦА-ГУА-УУА болсо, булар үчтөн болуп (триплет), ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА треонинди жана ушундай сыяктуу башка амин кислоталар чечмеленет. Генетикалык код клеткада 2 этап менен өтөт. Биринчиси ядродо өтүп, транскрипция, экинчиси цитоплазмада жүрүп, трансляция деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]