Транскрипция (ДНК)

Википедия дан
Транскрипция.
Транскрипция (РНК-полимераз).

Транскрипция (лат. transcriptio - көчүрүп жазуу) — ДНКнын тиешелүү бөлүктөрүндө РНКнын молекуласынын биосинтези , тирүү клеткаларда генетикалык маалыматты ишке ашыруунун биринчи этабы, ДНКдан көз каранды РНК - полимераза ферменти аркылуу жүзөгө ашат.

Көпчүлүк изилденген организмдерде бул фермент Т. процессинде ар кандай ролдорду аткаруучу 4 же андан көп бирдей эмес субъединицалардын жыйнагынан турат. Фермент Т-нын башталуу белгиси - промоторду (ДНК бөлүгү) "тааныйт", ага кошулат, ДНКнын кош спиралын жандырат жана ушул жерден баштап, пайда болуп жаткан РНКга комплементардуулук принцибине ылайык, ДНКны узатасынан бойлой мономердик звенолорун (нуклеотиддерин) ырааттуу бириктирүү менен, анын бир тизмегин көчүрөт. РНК-полимеразанын аракетине жараша, РНКнын өсүп бара жаткан тизмеги калыптан (матрица) четтейт жана ферменттин артынан ДНКнын экинчилик спиралы калыбына келет. Качан РНК-полимераза көчүрүлүп жаткан бөлүктүн аягына жеткенде (терминатор), РНК матрицадан бөлүнөт. ДНКнын ар кайсы бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнүн саны организмдин өнүгүүсүндө өзгөрүшү мүмкүн. Жогорку натыйжалуу башталыш (инициация) үчүн көп учурларда промоторго чыныгы (позитивдүү) жөнгө салуучу белокторду (Мисалы, катаболизмди активдештирүүчү белок) бириктирүү зарыл. Прокариоттордо инициация этабын жөнгө салууда, Т-нын башталуу чекитине жакын бөлүктөрдү - операторлорду байланыштыруучу белок - репрессорлор катышат. Т-нын аякташынын кээ бир белгилери (терминаторлор) РНК-полимеразанын өзү, ал эми башкалары өзгөчө терминациялоочу белок "ро" аркылуу "таанылат". Т-нын терминация этабын жөнгө салууда белок - антитерминаторлор жана белоктук синтездөө аппаратынын курамдык бөлүктөрү катышат. Эукариоттордо рибосомалык, маалымат жана ташуучу РНКлардын синтези үчүн өзгөчө РНК-полимеразалар кездешет. Скриптондор же оперондор деп аталуучу Т-нын бирдиктери прокариоттордо, эреже катары, бир нече милдети боюнча байланышкан гендерди камтыйт, ал эми эукариоттордо алар дээрлик дайыма моногендүү (бир гендүү). Шишик пайда кылуучу вирустарда тескери транскриптаза ферментинин (ревертаза) таасири аркылуу генетикалык маалымат РНКдан ДНКга ташылышы (тескери Т.) мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]