Ташуучу РНК

Википедия дан
тРНК.

Ташуучу РНК же транспорттук РНК (тРНК) - амин к-талардын калдыктарын ташууга жөндөмдүү нуклеин к-тасы. Ташуучу РНК - бир тизмектүү полирибонуклеотид, 70-95 рибонуклеотиддерден туруп, молекулалык массасы 23.000-30.000 дальтон болот. көпчүлүк тРНКлардын ырааттуулугу белгилүү. Курамында негизги аденин, гуанин, урацил, цитозин менен кээде кездешкен (минордук) азот негиздери бар. Мисалы, ачыткычтардын тРНКда псевдоуридин (П), дигидроуридин (Д) кездешет, кээ бир негиздерге метил топтор киргизилген (т). Бардык белгилүү тРНКлар 5'-фосфорилдүү учтан башталат, биринчи, кадыресе, Г негизи болот, 3'-учунда дайыма үч негиз ЦЦА жайгашат. Акыркы аденин амин к-та калдыктары менен өзгөчө аминоацил - тРНК - синтетаза ферментинин таасири астында жана АТФтин энергия эсебинен байланышат. Амин к-танын жана тРНКнын ортосунда бай энергия менен байланыш пайда болот. азоттук негиздер жуптарды пайда кылышат, алар эки тизмектүү бутакта жайгашат: акцептордук, псевдоуридин, антикодон менен ТЦ бир тизмектүү илмектерди пайда кылышат. Минордук негиздери РНКны нуклеаза ферменттердин таасирине туруктуу кылат, үчүнчүлүк түзүлүштүн пайда болушуна катышат. Ар бир илмек өзгөчө функцияны аткарат. Псевдоуридин илмеги (курамында псевдоуридин бар) менен өзгөчө фермент аминоацил - тРНК - синтетаза байланышат, бул фермент амин к-таларынын калдыктарын тРНК менен бириктирет. Антикодон илмеги антикодондун (өзгөчө үч нуклеотиддер же триплет) жардамы менен амин к-таларды аныктайт, антикодон мРНКнын кодонуна комплементардуу болот. ТЦ - илмегинде тимин кездешет жана бул илмек менен рибосома байланышат. Кээ бир тРНКнын кошумча илмеги болот, анын функциясы аныктала элек. Ташуучу РНК өзгөчө үчүнчүлүк түзүлүшкө ээ, ал Г тамгага окшош болот. Аминоацил - ацил - тРНК - синтетазалар тРНКнын үчүнчүлүк түзүлүшүн аныктайт деген божомолдоолор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]