Мазмунга өтүү

Микроорганизмдер

Википедия дан
Бактериялар‎ Escherichia coli x 10.000 (Электрондук микроскоп).

Микроорганизмдермикроскоп менен гана көрүнүүчү эң майда, көбүнчө бир клеткалуу организмдер тобу. Микроорганизмдерди микробиология илими изилдейт. Алар чөйрөнүн түрдүү факторлоруна өтө туруктуу болгондуктан эң кеңири таралган. Микроорганизмдер патогендүү (оору пайда кылуучу) жана патогенсиз болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды бактериялар, кээде ачыткы жана кебер козу карындар, актиномицеттер козгойт.

Микроорганизмдер

Микроорганизмдердин генетикасы жана молекулалык генетиканын жетишкендиктеринин натыйжасында микроорганизмдерде биосинтез жана энергия алмашуу процесстери татаал түзүлүштүү өсүмдүк жана жаныбарлардын клеткаларындагыдай эле өтөрү белгилүү болгон. Ошону менен бирге микроорганизмдерге өзгөчө ферменттик система жана биохимиялык реакциялар таандык. Микроорганизмдердин целлюлоза, лигнин, хитин, нефть углеводдорун, кератин, мом жана башкаларды ажыратуусу ошол өзгөчөлүктөргө негизделген. Микроорганизмдин энергия алуу жолу ар түрдүү: кээ бири органикалык эмес заттардын кычкылданышынан, айрымдары жарыктан алат. Айрым микроорганизмдер молекулалык азотту сиңирүүгө, белокту синтездөөгө, көптөгөн биологиялык активдүү заттарды (антибиотиктерди, ферменттерди, витаминдерди, токсиндерди жана башкалар) чыгара алат. Өсүмдүк, жаныбар калдыктарын ажыратуу менен органикалык заттарды минералдаштырып, табиятта заттардын айлануусунда катышат.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8