Коли-инфекция

Википедия дан
Бактериялар‎ Escherichia coli (Электрондук микроскоп).

Коли-инфекция (лат. Escherichia coli ичеги таякчалары; син. эшерихиоз) — көбүнчө жаш балдарда кездешүүчү катуу кармама жугуштуу ичеги-карын оорусу.

Оорудун себептери жана жугушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ооруну ичеги-карында кездешүүчү микробдордун өзгөчө түрү — ичеги таякчалары козгойт.

Дени соо балдарга көбүнчө бул микробдор менен булганган сүт жана андан балдар үчүн жасалган тамактар, идиш-аяк, кир кол, кийимкечек, баланын ороочтору аркылуу жугат. Оору кээде энеден төрөт мезгилинде жана төрөттөн кийин жугушу мүмкүн. Коли-инфекция негизинен жаңы төрөлгөн жана бир жашка чейинки (көбүнчө ара төрөлгөн) тежемел, көп ооруган, өзгөчө итий, гипотрофия менен жабыркаган балдарда кездешет. 2ден ашкан балдарда аз, чоң кишилерде дээрлик чанда кезигет.

Дарты аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коли-инфекциянын инкубациялык (жашыруун) мезгили 3—6, кээде 22 күнгө созулат. Оорунун башталышы жана өтүшү дизентерияга окшош болот. Көбүнчө оору температура көтөрүлүп, катуу башталат. Баланын тынымсыз ичи өтүп, кусат, тамакка табити тартпайт. Оорулуунун абалы 2—3 жумада жакшырат. Бала арыктайт, өз убагында дарылабаса кабылдоолорго алып келет.

Оорудан сактануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорудан сактанууда эне өздүк гигиенаны сактап, баланы туура тамактандыруу зарыл. Ооруну алдын алууда балдар үчүн даярдалган сүттөн жасалган тамактардын өз убагында берилиши жана муздаткычта таза сакталышы талапка ылайык. Эмизээрдин алдында эмчекти, колду таза жууш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]