Микроскоп

Википедия дан
Микроскоп.
электрондук микроскоп (1933).

Микроскоп (көргөзүк) (микро... жана ...скоп) – көзгө көрүнбөгөн өтө майда объектилерди көрүүгө жана сүрөткө тартып алууга мүмкүндүк берүүчү оптикалык прибор. Азыркы микроскоп менен чоңдугу 0,2 ммден 0,0002 мкмге чейинки объектилерди көрүүгө болот. Биринчи жолу 1609–10-жылдары Г. Галилей өзү жасаган дүрбүнүн окуляры менен объектисинин ортосундагы аралыкты өзгөртүп, аны микроскоп катары пайдаланган. 1625-жылы немис окумуштуусу Фабер аны «микроскоп» деп атаган. 1665-жылы англиялык окумуштуу Р. Гук жаныбар жана өсүмдүк клеткаларынын түзүлүшүн көрүп, микроскопту илимий изилдөөдө биринчи колдонгон. Микроскоп жарык менен иштөөчү жана электрондук болуп айырмаланат. Жарык микроскобу объектини 3000 эсе, электрондук микроскоп 10000ден 300000 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтөт, ал эми сүрөткө тартканда 1 млн эсе чоңойтот. Жарык микроскобу күндүн жана жасалма жарык булагынын (электр лампасынын) жарыгын пайдаланууга негизделген. Ал оптикалык жана механикалык бөлүктөн турат. Оптикалык бөлүгү объектив менен окулярдан турат. Объектив карап жаткан нерсенин чоңойтулган сүрөтүн түзөт, майда бөлүкчөлөрүн ажыратып көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Микроскоптун объективи кургак жана иммерсиялык болуп айырмаланат. Кургак объектив менен караганда фронталдык линза менен изилденүүчү объектинин ортосунда аба жатат. Иммерсиялык система менен иштөөдө айнек менен линзанын ортосунда гомогендик бир түрдүү чөйрө (май) орнотулат. Микроскоптун окуляры нерсенин объективде чоңойтулган сүрөтүн көз менен кароо кызматын аткарат. Ал эки линзадан турат, нерсенин сүрөтүн кошумча чоңойтот. Ошондуктан микроскоптун жалпы чоңойтуусу объектив менен окулярдын чоңойтуусунун көбөйтүүсүнө барабар. Жарык микроскобу фаза контрасттык, люминесценттик, ультракызгылт көк нурлуу, уюлдук (полярдык), инференттик жана көрүү талаасы караңгы микроспокторго бөлүнөт. Жарык микроскобунан айырмаланып, электрондук микроскопто нерсеге электрондордун агымы жиберилет. микроскоптун жардамы менен микроорганизмдердин (бактериялардын, козу карындардын, вирустардын ж. б.), өсүмдүк жана жаныбар, адам клеткаларынын түзүлүшү, чоңдугу, формасы, ошондой эле металлдын, минералдык заттардын кристаллдык түзүлүшү ж. б. изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]