Витаминдер

Википедия дан
Витаминдүү мөмө-жемиштер.

Витаминдерорганизмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер. Алар тамактануунун алмаштырылгыс фактору. Витаминдин ачылышы орус окумуштуусу Н. И. Луниндин ысмы менен байланыштуу. Ал 1880-ж. тамактын составында тиричилик үчүн эң керек белгисиз фактор бар экендигин экспериментте аныктаган. Поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. «витамин» терминин сунуш кылган. Буга чейин эле организмге белгилүү өлчөмдө белок, май, углевод, минерал туздар жана суу керек экендиги, ошондой эле начар тамактануудан болуучу оорулар да белгилүү болгон. Узакка созулган экспедициянын саякатчылары жашылча-жемиш жебегендиктен цинга оорусу менен оорушкан.

Витаминдердин көбү — ферменттердин составдык бөлүгү, алар зат алмашууну жөнгө салат. витаминдер организмде болуучу химиялык реакцияларды тездетет, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна жана анын функциясына катышат. Организмдин азык заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клетканын нормалдуу өсүшүнө жана бүтүндөй организмдин өөрчүшүнө түрткү берет. Киши түрдүүлөп жетиштүү тамактанганда витаминди тамак-аш менен кабыл алат. Алардын кээ бири ичегиде микроорганизмдердин тиричилигинин натыйжасында синтезделет, бирок бул организмдин витаминге муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир учурда организмге тамак продуктулары менен бирге түзүлүшү витаминдерге жакын бирикмелер (провитаминдер) кирет; алар организмде витаминдерге айланат. Кээ бир продуктуларда бир же бир нече витаминдер жок болот, ошондуктан бир өңчөй жана витамини аз тамак-аш менен тамактануу, ошондой эле организм витаминди өздөштүрө албай калганда витамин жетишсиздиги (гиповитаминоз, авитаминоз) пайда болот. Витаминди ашкере кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет.

Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Витамин организмдин өсүү мезгилинде, кош бойлуу жана эмчек эмизген убакта, ооруп жатканда жана оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги менен көп иштегенде, мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү жасаганда, нерв-эмоциялык чоң күч талап кылган иште, ошондой эле көп убакыт суукта болгондо чоң өлчөмдө талап кылынат (к. Тамактануу). Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл.

Витамндин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер.

Витаминдердин малдарды тоюндуруудагы мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл. Витаминдин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер.

Витаминдер тамак сиңирүүдө алмаштырылгыс регулятор болуп саналат. Алар малдардын ден-соолугун, өндүрүмдүүлүгүн, малдардын көбөйүүсүндө жана функционалдуулугун камсыз кылышат. згөчө белоктор менен туташышып жана ферменттик системанын составында витаминдер химиялык реакциялардын биологиялык катализаторунун тирүү клеткалардагы өтүп тарган функциясын аткарышат. Биологиялык мемраналардын ишинде да витаминдер өтө чоң роль ойношот. Мындай шарттар алардын пластикалык жана энергетикалык материал эместигинне күбө боло алышат. Витаминдер малдарды тура тоюндуруудагы эң негизги компонетн болуп эсептелет. Бирок кээбир малдарга бизге белгилүү болгон витаминдердин түрлөрү кереги деле жок болот, себеби алардын организми кээбир биологиялык активдүү заттарды өз алдынча биосинтездей алышат. Бир нече витаминдер микрофлора менен өндүрүлөт. Кандайдыр бир витаминдердин өлчөмү ичке ичегилерде сиңирилип организм менен иштетилет. Практика көрсөткөндөй мындай витаминдерди өндүрүү булактары да малдарды витамин менен толук камсыз кыла алышпайт. Белгилей кетчүү нерсе, ички витаминдердин булактары организмдеги авитаминоздун белгилерин жоготот, бирок дефициттин (гиповитаминоздор жана витамин жетишсиздиктин оорулары) көрүнбөгөн формаларын баари бир жокко чыгара алышпайт. Гиповитаминоз малдын чоңоюушуна, көбөйүшүнө жана башка өндүрүмдүүлүктүн көрсөткүчүнө өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн, жана гиповитаминоз малдын өлүмүн көбөйтөт, айрыкча инфекциалык оорулар аркылуу. Жашырын витамин жетишсиздик мал чарбага чоң зыянын тийгизет: тоютту сиңирүүнү азайтат, анын негизинен мал чарбанын өздүк наркы көбөйөт, малдын саны азайтат. Гиповитаминоз сүттө жана майда витаминмдердин көлөмүн азайтат. Малдардын минималдуу витаминдерге болгон зарылчылыгы бул малдардын күнүмдүк алып турган витаминдин көлөмү, ушинттип аларды витамин жетишсиздиктен сактаса болот. Оптималдуувитаминдерге болгон талабы болуп малдын эң жакшы өндүрүмдүүлүгүн , көбөйүүсүн, ден-соолугун жана тоюутту сиңирүүсүн жакшырткан витаминдердин дозировкасы деп атйтабыз. Бул витаминдердин керектелүүчү нормасын ар бир малдын турунө, группасына карай аныктап чыгыш керек. Кээбир тажрыйбаларга таянсак малдардын оптималдуу витаминдерге болгон талабы минималдуу талапка караганда бир көп эсеге чоң болуп чыккан. Малдардын витаминдерге болгон зарылчылыгы бир топ өзгөрүлүүчү факторго байланыштуу болот. Жана дагы эсепке тоюттагы болгон жаратылыш витаминдер, малды багуу шарты, инфекциялык жана башка жугуштуу оорулардын боллуусу, өндүрүмдүүлүк жана башка факторлор эске алынышы зарыл. Ылайыктуу витаминдердин көлөмүн аныктоо ар бир учурда эле мүмкүн болбогондуктан , практикада көбүно «гарантиялык кошумчалар» принципи колдонулат.

60-жылдардын аягында синтетикалык витаминдерди өндүрүүнүн химиялык технологиясы иштеп чыгарылган. Псевдо жана бета-иондордун синтездөөсүнүн технологиясы иштеп чыккандан тартып , кымбат жана дефициттүү ретинол, токоферол, нафтохинондордун өсүмдүк синтезин колдонуунун кажети жок болду. Химиялык жана нефтехимиялык сырьелордун базасында витаминдерди өндүрүүнүн көп тонналык өндүрүүсү иштеп чыккан. Мындай өнөр жайдагы өндүрүш механизмдетилген жана автоматташтырылган жабдууларды , бункерлер, автоматташтырылган дозаторлор, жана башка машина жана механизмдерди колдуну менен ишке ашат. Нымдын өлчөмү көп болгон төгүлмөлүк премикстер көгөрүп, рН тын өзгөрүүсүнө алып келет. Ошондуктан көбүнчө курук витаминдердин премикстеринин колдонуусу талап кылынат. Толук баалуу жана баланстатылган жемди өндүрүү үчүн өндүрүштө төмөнкү витаминдер колддонулат: ретинол ацетат жана ретинол пальмитат (витамин А), эргокалъциферол (витамин D2), холекальциферол (витамин D3), токоферол (витамин Е), менадион (витамин К3), тиамин (витамин В1), рибофлавин (витамин В2), пантотен кислотасын (витамин В3), холин (витамин В4), никотин кислотасын (витамин РР), пиридоксин (витамин В6), фоль кислотасы (витамин Вс же В9), цианокобаламин (витамин B12), аскорбин кислотуасы (витамин С) и биотип (витамин Н).

Малдарды тоюттандыруудагы май сиңирүүчү жана суу сиңирүүчү витаминдердин ролу. Тоюттун витаминдүүлүгү тигил же бул витаминдин өлчөмү менен мүнөздөйт жана Эл аралык бирдикте билдирилет (ЭБ). Витаминдин өлчөмү салмактык бирдикте да билдирилет (мг) 1 кг. натуралдык нымдуулуктагы тоютка эсептелген же 1 кг курук салмакта. Тоюттагы бардык витаминдер өзүнүн сиңирүүсү жана физиологиялык таасири менен айырмаланышат. Өздөрүнүн белгиси боюнча бардык витаминдер май сиңирүүчү жана суу сиңирүүчү болуп экиге бөлүнүшөт. Май сиңирүүчүлөргө А,Б,Е,К витаминдери кирет. Суу сиңирүүчүлөргө В группасындагы витаминдер жана С витамини кирет. Клеткалык алмашуу ролу боюнча витаминдер биокаталитикалык таасирге жана индуктивдик таасирге бөлүнүшөт. Биокаталитикалык таасирдүү витамимндер фермент курууда катышышат жана алардын курамынын бөлүгү болуп саналат. Аларга В жана К группасындагы витаминдер кирет. Индуктивдүү таасирлүү К витаминдерге дифференциацияны сактоочу жана клетканын структурасын бир тартипке келтирүүчү витаминдер кирет. Аларга А, В, Е жана С витаминдери кирет. 1.1 Суу сиңирүүчү витаминдердин малды тоюттандыруудагы ролу. Витамин А (ретинол). Ретинолдун малды тоюттандыруудагы ролу абдан чоң. Малдын нормалдуу өсүшүндө жана көбөйүүсүндө , эң маанилүүсү малдын организмин ар кандай ооруу козгоочу инфекцияларга туруктуулук берүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Витамин А нын малдын органзминдеги негизги ролу болуп белоктун витамин А менен кошулуусундагы көрүүчү пигменттин (родопсиндин) синтезинде катышат. Ал былжырлуу оболочканы бир калыбында сактап турат жана жаш малдын өсүүсүнө түрткү берет. Жаш малдарда витамин А жетишсиздик болсо алардын өсүүсүн токтотот, көз ооруусу пайда болот: авитаминоздун баштапкы стадиасында көздүн көрүүсү начарлайт(гемералопия)- бул стадияда кеч киргенде көздүн курчтугу начарлайт, аз аздан барып отуруп көздүн тышкы катмарындагы тери чордонуп, мунун негизинде кератомаляцияга айланат. Витамин А нын жетишсиздигинен бардык малдарда тышкы тери кармарында демалуу жолдорунда, тамак сиңирүү каналдарда, иштеп чыгаруу органдарында кератинизациялануу (чордонуу) боло баштайт. Витамин А нын жетишсиздигинен нерв ткандарынын өзгөрүүсү пайда болот, мындай өзгөрүүлөр кыймыл аракеттин координациясын жоготуусуна, карышууларга, параличке, булчуңдардын алсыздыгына алып келет. Ошондой эле витамин А нын жетишсиздигинен тукумсуздук пайда болот, же болбосо тукумдун алсыз, орукчан болуп төрөлүүсүнө алып келет. Көп эле жемдерде витамин А кездешпейт. сүмдүк жемиштерде провитамин А каратиноиддер бар: альфа, бета, гамма-каротин жана криптоксантин, булардан малдардын организми витамин А ны пайда кылышат. Каротин А нын витаминге айланышы ичке ичегиде болот. Малдын организмине каротиндин ашыкча түшүүсүндө каротин майлуу ткандарда, ал эми витамин А бордо сакталат. Ар бир малдын түрүнө карай каротиндин витаминге айлануусу башкача болот, муну малды тоюттандырууда эске алыш керек. Мисалы: 1 кг бета-каротин : чоң малда- 120 мкг(400 ЭБ), чочкодо- 160 мкг (533 ЭБ), койдо- 174 скг (ЭБ), атта- 167 скг (555 ЭБ), канаттууларда- 500 мкг (1667 ЭБ) витамин А га айланат. Малдардын тамак сиңирүү системасында тоютта жетиштүү өлчөмдө майдын көлөмү болсо каротин жана витамин А ны жакшы сиңирилет. Тамак сиңирүүнүн начар болуусу каротинди сиңирүүдө тосколдук кылат. Кермек даамдуу майда (м: комбикормдо) каротин жана витамин А ны бузат. Практикалык көз караш менен карасак малдар каротин жана витамин А ны денесинде сактай алышат, жана аларды үнөмдүү колдонушат. Бирок булл запастар өтө чоң эмес болушат: мисалы: көп убакыттан бери каротинге бай тоюут менен багылган уйда 3,6 г гана витамин А нын запасы бар болгон, анын 70-90% бордо, калганы майда сакталып калган. Боорунда витамин А, майда болсо каротин көп болгон. Каротиндик көлөмү ар бир тоютта ар башкача. Жаш чөптө, сапаттуу чөптө,сары жүгөрүдө жана ашкабакта, сабизде, чөптүү унда, картошка, кызылчада каротин көп болот. Малда А витамин жана каротин жетишсиздик болгон учурда бикробиологиялык тобттарды, ал эми каротин жетишсиздик болгон учурда ретинол, микровит А жана башка препораттарын беришет.

Витамин D (кальциферол). Рахитке каршы витамин D малдын организминде фосфор менен кальцийдин алмашуусу жөнгө салат. Алар ичегилердеги кальцийди сиңирүүнү активдештиришет. Витамин D нин жетишсиздигинен малдарда сөөктүн тура эмес калыптанышы, жаш малда болсо рахит пайда болушу мүмкүн, чоң малдарда остеомаляция, остеопороз, тетания пайда болот. Мындай оорулардын пайда болуусунун себеби тоютта минералдык заттардын жетишсиздигинен же болбосо витамин Бнын райиондо жок болуусунан ал заттардын сиңирүүсүнүн начардыгынан келип чыгышы мүмкүн. Малдарда остеопорос, остеомаляция (сооктөрдүн жуммшашы) оорулары пайда болушу мүмкүн. Витамин D нин жетишсиздигинен малдардын аппети өзгөрүшү мумкүн (жер, тоопурак жеп, жүн жана башка нерселерди жалоо), жаш малдарда болсо кыймыл аракети аз болуп калышы ыктымал: малдар араң ордунан туруп , аз басып калышат. Витамин D күндүн жана жарыктын негизинде малдардын терисинде пайда болот. Ошол себептен малдарда жайында бул витамин жетиштуу болот, бирок кышында витамин D нин жетишсиздиги пайда болот. Бул витаминдин жетишсздигин жоготуу үчүн ар кандай препараттарды кошумча беришет : витамин D2 и D3 түн майдаг этитмесин, видеин (D3), тривитамин ж.б.

Витамин Е (токоферол), көбөйүүнүн, төлдөөнүн витамини деп койушат. Витамин Е нин жетишсиздиги жыныстык мүчөлөрүнүн өзгөрүшүнө турткү болуп тукумсуздука алып келет. Малды тоютандырууда Витамин Е нин жетишсиздигинен тукумдун сапаты начарлап, жыныстык клеткалардын кыймылы азайып, клеткалардын саны кемий баштайт. Витамин Е антиоксиданттык касиетке да ээ, анын эсебинен Витамин А жана каротин жакшы сиңирилет жана жакшы сакталат. Витамин Е нин жетишсиздигинен организмде ууландыруучу заттар чогулуп малдын төлдөөсүн бузуп жана булчуңдардын дистрофясын пайда кылат Витамин Е кобүнчө дандуу продуктарда жакшы сапаттагы чөптө болот. Витамин Е нин тоюттандырууда жетишсиздигинен өндүрүлгөн буудайды берише, жана ошондой эле Е витаминдүү препараттарды беришет (токоферолдун айетаты, кормовит, капсувит, гранувит, тривитамин ж.б.).

Витамин К (филлохинон). Кандын кайрылуусунда керектелүүчү витамин. Витамин К Витамин К көбүнчө жашыл жалбырактуу өсүмдүктөрдө , бедеде, өсүмдүктөрдүн тамырында, балырд, пимидордо, буурчакта бар.

2.2. Витамин К алды тоюттндыруудагы суу эритүүчү витаминдердин ролу. Бул витаминдер калыптандыруучу процесстерде катышышат, малдардын организминдеги клеткалардын биохимикалык реациясын тездетет. В витаминин группасы майлардын, белоктордун жана углеводдордун зат алмашышуусунда катышышат. Бул витаминдер айрыкча жаш малдарга, торпокторго эң керектүү витаминдер болуп саналышат. Булл витаминдердин группасынын жетишсиздиги малдын чоңойуусуна таасирин тийгизизет, жана ошондой эле дерматит, карышуу, кыймылдын бузулушуна, параличке чейин жеткизиши мүмкүн.

Витамин В1 (тиамин). Тиамин глюкозадан гликогендин келип чыгышына , фруктозадан глюкозанын келип чыгышына шарт түзөт, углеводдордун сиңирилүүсүнө жардам берет. Ошондой эле тиамин углеводдордогу майлуу кислоталардын синтезине жардам берет. Бул витаминдин жетишсиздигинен оргонизмде суу, май жана белоктордун алмашысуу начарлайт. Тиамин жашылча өсүмдүктөрдө жана чөптөрдө бар. Витамин В2 (рибофлавин). Флавин көздүн функциясында, сыныстык клеткаларда, нерв системасында, гемоглабиндин синтезинде чоң рол ойнойт. Флавин ачыткыларда, өсүмдүк ундарда көп кездешет. Малдардын флавинге болгон зарылчылыгы аба ырайына карай өзгөрүп турат. Анын зарылчылыгы ысык температурада төмөндөп, суук температурада өсөт.

Витамин В6 (пиридоксин). Пиридоксиндин малдын организмде линол ксилотасын фосфорилазыга айландырат, гликогенди ээритет. Бул витаминдин жетишсиздиги кадын составындагы гемоглабин азайат, булчуңдардын тартышуусуна, малдын чоңойуусунда чоң таасир берет.

Корутунду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде малдарды тоюттандырууда абдан көптөгөн методдор, препараттар иштелип чыгарылган, бир гана ал методдорду мал чарбасында туура колдонуу адамдардан талап кылынат. Үстүдө бир нече жолу кайталанып кеткендей ар бир витаминдин өзүнүн малды тоюттандырууда орду чоң. Бир гана витаминдин жетишсиздигинен малдарда ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн, малдын өлүмү көбөйүшү мүмкүн. Жаан ошондой эле малды багууда ветеринардык –санитардык эрежелерин дща сактоо негизги фактор болуп саналат.