Витамин В12

Википедия дан
кобаламин.

Витамин В12, к о б а л а м и н – цианкобаламин, аквокобаламин, оксикобаламин, интрокобаламин деген заттардын кошундусу.

Антианемиялык таасир берет. В. В12 курамында 4,2 % кобальт болот, түсү кара кызыл. В. В12 биологиялык жактан өтө активдүү зат, малдын тоютундагы негизги белок компоненти. Алынуу булактары: гетеротрофтук микроорганизмдер, туруп калган кир суулардан алынган активдүү балчык (10 г балчыкта 22 мг В12 бар). Практикада көбүнчө микроорганизмдерден, кургатылган карындан алынат. Бул витаминдин гиповитаминозунда малдын ичи өтөт, кусат, бөйрөгү жакшы иштебейт, буттары тырышып калат, организмдин өсүүсү төмөндөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4