Эмоция

Википедия дан
Эмоциялар‎»‎ барагынан багытталды)

Эмоция (французча: emotion – толкундануу, латынче: emoveo — дүргүтүү, толкундантуу) – адамдардын жана айбанаттардын сырткы жана ички дүүлүктүрүүлөргө кубануу, коркуу, ырахаттануу, нааразылануу ж. б. түрдө көрүнгөн субъективдүү реакциялары, организмдин сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө карата реакциясы; канааттануу, сүйүнүү, коркуу, кайгыруу, ачуулануу ж. б. сезимдердин таасиринен Эмоция оң (кубануу) жана терс (кайгыруу) болушу мүмкүн, адамдын организминин сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө карата реакциясы; дүүлүктүргүчтүн таасири менен адам башынан өткөргөн өзгөчө абал. Эмоция оң (кубануу, канааттануу, суктануу) жана терс (кейүү, кайгыруу) болушу мүмкүн. Ал кыска мөөнөткө же узакка созулат. Айрым эмоция көңүлдү көтөрөт, адамды сергитип, күч-кубат берет, башкасы тескерисинче алсыратат, туталантат.

Эмоциялар адамдардын психикалык ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун регуляциялоонун ички механизми болуп кызмат кылат. Пайдалуу таасир көрсөтүү менен жаралуучу оң эмоцияларды субъект сактап калууга аракеттенет.

Терс эмоциялар болсо зыяндуу таасир көрсөтүүлөрдү жандап өтүүгө багытталган активдүүлүктү жаратат. Пайда болгон кырдаалдарга субъекттин алы жетпей калган экстремалдык учурларда аффектилер деп аталган кыска мөөнөттөгү эпкиндүү эмоциялар туулат.

Эмоциялар жүрүм-турумдун пайдалуу формаларын, эрежелерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт. Адам эмоциясынын түптөлүшү анын инсан катары калыптанышынын негизги шарты. Сезимдер адам эмоциясынын өнүгүшүндөгү эң жогорку натыйжа болуп саналат.

Эмоция тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын эмоциясы татаал жана көп кырдуу, ал аркылуу физиологиялык мааниде алганда өз абалын сезүү гана байкалбастан (мисалы, курсагы тойгондо канааттануу же дени сактыктан улам пайда болгон жакшы сезимдер), ошондой эле адамдын коомдук байланыштары, анын дүйнөнү таанып-билүүсү, көз карашы, башка адамдардын пикирине, аракетине мамилеси, коомдук турмуштагы окуяларга, бүтүндөй социалдык түзүлүшкө көз карашы дайыма эмоцияны пайда кылат. Эмгек процессинин өзү жана анын натыйжалары кубанычты, канааттанууну же өкүнүчтү пайда кылат. Өзүнүн ички сезимдерин адам сөз менен гана билдирбестен, жаңсоо кыймыл-аракет аркылуу да билдирет. Мындан тышкары эмоция организмде анын эркине баш ийбеген өзгөрүүлөр менен коштолот. Адамдын көңүлү көтөрүлүп, кубанганда же уялганда, корккондо, кыжырланганда жана башкалар учурларда кан тамырдын кагышы тездеп, дем алуу өзгөрүлө тургандыгы белгилүү. Адамдын ден соолугу анын көңүл маанайына шарт түзөт, ошондой эле көпкө көңүлү чөгүп, маанайы пас болуу ден соолукту бузат. Бир нерсеге күйүп-бышуу демейдеги көрүнүшкө айланып, тез-тез кайталана берсе, ден соолук үчүн зыян, андан нерв жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсү бузулат.

Адамдын жашоосунда жана жаныбарлар дүйнөсүндө Эмоциянын мааниси чоң. Эмоциясыз чөйрөнүн өзгөрүлмө шартына көнүгүү, жашоо, тукум калтыруу мүмкүн эмес. Адамдын Эмоциясы мазмуну жагынан жаныбарлардыкынан жогору. Эмоция реакциялары рефлекстерге кирип, анын ишке ашырылышында вегетатив борборлор, ретикуль формациясы ж. б. мээ бөлүктөрү катышат. Дүүлүгүүлөр вегетатив нервдери (симпат жана парасимпат) аркылуу ички органдарга, булчуңдарга жеткирилет. Эмоция реакциясында организм энергияны көп сарптайт. Эмгек процессинин өзү жана анын натыйжалары кубанычты, канааттанууну же өкүнүчтү пайда кылат. Мындан тышкары Эмоция организмде анын эркине баш ийбеген өзгөрүүлөр менен коштолот. Адамдын көңүлү көтөрүлүп, кубанганда же уялганда, корккондо, кыжырланганда ж. б. учурларда кан тамырдын кагышы тездеп, дем алуу өзгөрүлө тургандыгы белгилүү. Адамдын ден соолугу анын маанайына шарт түзөт. Узакка созулган терс Эмоция (коркуу, кайгыруу . б.) невроз ж. б. психикалык оорулардын пайда болушуна түрткү болот.

Балдардын эмоция көрсөтүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8