Витамин Е

Википедия дан

Витамин Е, т о к о ф е р о л д о р (грек тилинен tokos-тукум, fero-алып жүрөм) - t-токоферолдун активдүүлүгүнө ээ кошулмалар тобу. Токоферолдор орг. зат хромандын туундусу.

В. Е клетканын дем алуусун жакшыртат, биологиялык кычкылдануу процессине катышат. Дан, жашыл тоют, буурчак ж. б. өсүмдүктөр, ит мурундун мөмөсү, алманын данеги, малдын булчуң эти, сары май, жумуртканын сарысында В. Е көп. Бул витаминдин гиповитаминозунда жаныбарлардын жатын кан тамырлары бузулуп абортко алып келет, тукумсуздук пайда болот. Дистрофия өнүгөт, жаныбарлардын басуу кыймылы өзгөрүп, тери астында, карында, ичегиде шишиктер пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4