Сары май

Википедия дан
Бөлмө температурасындагы сары май

Сары май — кыргыздардын байыркы барктуу, салттуу тамактарынын бири.

Анын жасалыш ыкмасы төмөндөгүдөй: жуулган май же каймак сызгырып, чөбөгөсүнөн бөлүнүп алынат. Конокко барганда, тамактан даам тийгенде сары майдан сөзсүз ооз тийүү зарылдыгы кыргыздарда тамак ичүүдөгү бир зарылдык этикети катары белгилүү. Бул кыргыздардын тамагынын негизги рационун түзгөн сүт азыктарынын өзгөчө орунда тургандыгынан улам келип чыкса керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.