Ациклдүү бирикмелер

Wikipedia дан

Ациклдүү бирикмелер – мол-дагы көмүртек атомдору бири-бири менен жөнөкөй, кош жана үчтүк байланыштар аркылуу байланышкан ачык чынжырлуу, түз сызыктуу же тармакташкан алкан, алкен, алкин, алкадиен углеводородду жана алардын туундулары болгон галогендүү бирикмелер, спирт, жөнөкөй эфир, оксобирикме, карбон

к-тасы, ниробирикме, амин жана башка тиешелүү. А. б. алифаттык же майлар катарындагы бирикмелер деп аталат. А. б. белгилүү шартта карбоциклдүү жана гетероциклдүү бирикмелерди пайда кылса, тескерисинче алар дагы белгилүү шартта кайра А. б. пайда кылат. Мис., ацетилен жана анын гомологдору жогорку темп-рада (600оС) активделген көмүр үстүнөн өткөрүүдө бензол жана анын гомологдору, пептозаларга минералдык

к-таларды таасир кылуудан фурфурол (фурфурил альдегиди) алынса, циклопропан жана тиофенди гидрирлөөдө пропан менен бутан пайда болот:

Мындай реакциялар өтө эле көп кездешет. А. б. негизги булагы болуп нефтилер, өсүмдүктөр, СО менен Н2 синтез ыкмасы менен алынган өнөр жай продуктулары эсептелет. А. б. өнөр жайларда ар түрдүү жуугуч заттар, эриткич антифриз, жыпар жыттуу зат, дары-дармек, синтездик полимерлер жана башка эл чарбасына керектүү заттар алынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]