Гетероциклдүү бирикмелер

Википедия дан

Гетероциклдүү бирикмелер — шакекчеде көмүртек атомунан башка азот, кычкштек, күкүрт, фосфор ж. 6. элементтер кармап турган орг. бирикмелер. Мезгилдик системадагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтер бардыгы Г. б. пайда кыла алат. Бирок, алар-дын ичинен N, О, S айрыкча N менен O атомдору бар Г. б. жаратылышта алкалоиддер, витаминдер, пигменттер түрүндө өтө кенен тарап, биолог. процесстерде негизги ролдорду ойнойт. Жаратылышта кезигүүчү заттар көпчүлүгү Г. б.; аларга өсүмдүк хлорофилли, кандын геми, нуклеин кислоталары, алкало-иддер дээрлик бардыгы, пеницилин, РР, В, В6, В12 витаминдери, медицинада колдонулуучу дары-дармектер болжол менен жарымы, индиго ж. б. тиешелүү. Г. б. өтө эле ар түрдүү. Г. б. бири биринен циклдеги атомдор саны, гетероатомдор жаратылышы, циклде жөнөкөй жана кош байланыштардын бардыгы менен айырмаланат. Булардан башка Г. б. гетероциклдеги суутек атомдору башка атомдор жана атомдор топтору менен орун алмашуусунан, гетероядролор ароматтык ядро менен конденсацияланышынан да пайда болот. Натыйжада, азыркы мезгилде Г. б. синтездеп алуунун көп методдору сунуш кылынган. Демек, Г. б. саны ациклдүү бирикмелер санынан аз эмес. Г. б. ичинен практикада маанилүүлөрү 5 жана 6 мүчөлүүлөр. Мындай Г. б. Түзүлүштөрү төмөндөгүдөй:

Бул бирикмелер фуран (I), тиофен (II), пиррол (III), пиразол (IV), оксазол (V), бензтиофен (VI), бензтиазол (VII), пири-дин (VIII), пиперидин (IX), пиран (X), оксазин (XI), пиримидин (XII), хинолин (XIII), акридин (XIV), фентиазин (XV). Бул бирикмелер көпчүлүгү (IX жана X башкалары) ароматтык касиетке ээ. Пиридин (XIII) жана фентиазин (XV) туундулары медицинада дары-дармек заттар катарында колдонулат. Пиримидин (ХII) туундулары (пиримидин негиздери) ДНК менен РНКнын курамында кездешет. Каныккан (мис., IX) жана ароматтык ка-сиеттерге ээ болбогон каныкпаган (мис., X ж. д. у. с.) беш жана алты мүчөлүү Г. б-дин хим. касиеттери ачык чынжырлуу аминдерге, эфирлерге жана сульфиддерге окшош. Г. б-ден өнөр жайларда дары-дармектер, синтездик чайырлар алынат.

Ад..: 1. Гетероциклические соединения / Под. ред. Р. Эльдерфилда, пер. с англ. Т. 1-8,1953-1969; 2. Паккет А. Основы современной химнн гетсроциклических соединекий, пер. с англ. М. 1975.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]