Мейкиндик

Википедия дан

Мейкиндик – кандайдыр бир конструкциялык түзүүлөр аткарыла турган чөйрө катары пайдаланылуучу, логикалык ой жүгүртүү менен алынган форма (структура). Мисалы, элементардык геометрияда мейкиндик же тегиздик ар кандай фигура түзүлө турган чөйрө болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда мейкиндикте формалык касиеттери жагынан кадимки мейкиндик катышына окшош катыштар белгиленет (чекиттердин ортосундагы аралык, фигуралардын барабардыгы ж. б.). Мындай мейкиндиктер логикалык ой жүгүртүүдөн келип чыккан мейкиндик окшоштук формалары болушат. Эң алгачкы мейкиндик – үч өлчөмдүү Евклид мейкиндиги болгон, ал реалдуу мейкиндиктин жакындатылган абстракттуу образын түзгөн. Алгач мейкиндик түшүнүгү математикага 19-кылымдын 1-жарымында (1854) Б. Риман киргизген. Ал Лобачевский жана Евклид мейкиндиктери болгон. Ал улам ар кандай тармакта жалпыланып, корутундуланып, такталып вектордук мейкиндик, гильберт мейкиндиги, риман мейкиндиги, топология мейкиндиги түзүлгөн. Азыркы математикада мейкиндик анын чекиттери деп аталган кандайдыр бир объектилердин көптүгү (мисалы, геометриялык фигуралар физикалык системанын абалы ж. б.) катары аныкталат. Географиялык мейкиндик концепциясы «дөшү» болгон жер кыртышы менен «балка» болгон космостук таасирлердин аралыгындагы географиялык катмардын абалын аныктайт. Географиялык мейкиндиктин жогорку бөлүктөрү жер бетинин жаратылышын космостук түз таасирлерден коргосо, төмөнкү бөлүгү жердин ички күчтөрүнүн түз таасирлеринен сактайт. Демек, географиялык мейкиндиктин четки бөлүктөрү жер бетиндеги жаратылыш процесстеринин болуу мүмкүндүгүн (өзгөчө тиричиликтин) аныктаса, географиялык катмардын өзгөчөлүктөрү алардын мейкиндикте таралышын аныктайт. Айрым адабияттарда географиялык мейкиндик географиялык катмардын чегиндеги объектилердин карым-катнаштарынын жыйындысы катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]