Агрохимия

Википедия дан

Агрохимияагрономиялык химия, топурак жана өсүмдүктөгү химиялык процесстер, өсүмдүктүн азыктанышы, жерсемирткич ж. б. химиялык заттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонуу законченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Ал айыл чарбасын химиялаштыруунун илимий негизи. Агрохимиянын негизги маселелери жерсемирткичтердин бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн табуу, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуу, топуракка, тоютка массалык анализ жүргүзүү, жердин агрохимиялык картограммасын түзүү, дыйканчылык менен мал чарбасын химиялаштырууга жардам көрсөтүү. Агрохимия топурактаануу, дыйканчылык, метеорология, өсүмдүк физиологиясы жана биохимиясы, айыл чарба микробиологиясы, физика, химия менен тыгыз байланыштуу. Бөлүмдөрү өсүмдүктүн азыктанышы, жерсемирткичтердин айрым түрлөрүн колдонуунун натыйжалуугу жана аны колдонуу ыкмалары, топуракты химиялык жол менен мелиорациялоо (акилештирүү, гипстештирүү), отоо чөпкө каршы күрөшүүдө химиялык каражаттарды колдонуу жана аларды изилдөө. Агрохимия илимин негиздөөчүлөр Д. И. Менделеев, К. А. Тимирязев, А. Н. Энгельгардт, А. Е. Зайкевич. Кыргызстанда Агрохимиялык изилдөөлөр КАУда Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунда, Республикалык топурак-агрохимия станциясында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1