Агрономия

Wikipedia дан

Агрономия - (грек тилинен agros - талаа жана nomos - мыйзам) - айыл чарба культураларын өздөштүрүү тууралуу илимдердин комплекси. Агрономиянын эрежелери жана нускоолору байыркы Египет, Греция, Рим, Кытай, Индияда белгилүү болчу. 18 кылымдын аягынан дыйканчылыктын тутумдары өркүндөп, өсүмдүктөрдүн азыктануусунун теориясы, урук өстүрүү, өсүмдүктөрдү оорулардан жана зыянкечтерден коргоо ыкмалары иштеле баштаган. 19-кылымдын экинчи жарымынан Агрономиянын курамында дыйканчылык, өсүмддүктөрдү өстүрүүчүлүк, агрохимия, топурак таануу, селекция өнүгө башташкан. Агрономия айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана талаачылык, жерди натыйжалуу пайдалануу, топурактын күрдүүлүгүн жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттыруу жөнүндөгү илимдер комплекси. Табияттаануу илимдеринин, техникалык прогресстин жетишкендиктери, коомдун айыл-чарба азыктарына болгон талабы, дыйканчылык маданиятынын жогорулашы агрономиянын чечүүчү маселелерин кеңитип, агрономия тармактарынын (дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, селекция, агрохимия, агрофизика, үрөнчүлүк, фитопатология, энтомология, айыл чарба экономикасы жана аны уюштуруу ж. б.) пайда болушуна алып келди. Агрономия азыр айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүү жана андан мол түшүм алуу жолдорун кеңири изилдөөчү комплекстүү илимге айланды. Агрономия жалпы биология, өсүмдүк физиологиясы, топурактаануу, айыл-чарба метеорологиясы, генетика, микробиология, биохимия ж. б. табият илимдерине таянуу менен түрдүү ыкмаларды (химиялык, физиологиялык, радиоактивдүү изотоптуу биофизика ж. б.) колдонуп, эксперименттик маалыматтарды алат, лабораториялык, вегетациялык жана талаа тажрыйбаларын жүргүзөт. Агрономия байыркы илимдердин катарына кирет. Алгач дыйканчылык боюнча тажрыйбалар укумдан тукумга оозеки өтүп келген. Бул илим байыркы чыгыш өлкөлөрүнөн (Египет, Месопотамия, Индия, Кытай) Байыркы Грекия жана Римге тараган. Дыйканчылык тажрыйбалары Аристотель, Вергилия, Колумелла жана башкалардын эмгектеринде да чагылдырылып, ошол учурдагы жер семирткич, топурак иштетүү, отоо чөпкө каршы күрөшүү жөнүндөгү түшүнүктөр жазылган. Ошол кылымдарда Батыш Европада дың жер дыйканчылыгы буулантма дыйканчылыкка, ал эми. 18-кылымдын 2-жарымында буулантма дыйканчылык системасы үрөн алмаштыруу системасына өткөн. Шаар калкынын өсүшү жана илимий-техникалык прогресстин натыйжасында, Батыш Европа өлкөлөрүндө агрономия ургаалдуу өнүгө баштаган. Немец окумуштуу Ю. Либихтин өсүмдүктүн азыктанышы жөнүндөгү жаңы теорияны ачышы (бирок ал өсүмдүктүн азот менен азыктанышына анча маани берген эмес) агрохимиянын өнүгүшүнө чоң көмөк болгон. Ошондой эле Г. Гельригелдин чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоздун тажрыйбада далилдеши Агрономиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон (1886). Анын андан ары өөрчүшү 19-кылымдагы энергиянын сакталуу закону, тирүү материянын клеткалык түзүлүш теориясы, Г. Менделдин тукум куугучтук теориясы (1865), Ч. Дарвиндин органикалык дүйнөнүн эволюциясы жөнүндөгү окуусу ж. б. ачылыштарга түрткү болгон. Россияда илим катары агрономиянын калыптанышы 18-кылымдын ортосуна туура келет, топурак, анын пайда болушу жана өрчүшү жөнүндөгү илимди, ошондой эле топурактагы процесстерге өсүмдүк, микроорганизмдердин, адамдын чарбалык иш-аракетинин тийгизген таасирин, кара топурактуу талаанын күрдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун ачууда В. В. Докучаев, П. А. Костычев жана башкалардын салымы чоң. Өсүмдүк, топурак жана жер семирткичтин өз ара таасир этүү механизмин изилдөө жана анын негизинде айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүү жолдорун иштеп чыгууда Д. Н. Прянишниковдун, өсүмдүктүн тамыр аркылуу жана абадан азыктануу теориясын ачууда К. А. Тимирязев нитрификация процессин пайда кылуучу бактерияны жана атмосферадан азот сиңирип алуучу микроорганизмдерди изилдөөдө С. Н. Виноградский чоң салым кошкон. 20-21-кылымдарда илимий-техникалык прогресстин ургаалдуу өсүшү жана эл аралык байланыштын кеңейиши бүткүл дүйнө боюнча агрономиянын тез өнүгүшүнө алып келди. Табияттаануу тармагындагы көптөгөн ачылыштар агрономияда биотехнологияны (анын ичинде генетикалык жана клеткалык инженерияны) пайдаланып, анын жардамы менен өсүмдүктүн түшүмдүү, илдетке туруктуу жаңы сортун алууга мүмкүндүк түзүлдү. Кыргызстанда агрономия боюнча илимий иштерди Кыргыз агрардык университети, Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборуна караштуу Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан топурактаануу жана айыл чарбаны химиялаштыруу илим изилдөө институту, Кыргызстан тоют жана жайыт илим-изилдөө технология институту ж. б. жүргүзөт.

Агрономиянын негизги бөлүмдөру:

  • айыл чарбалык энтомология
  • айыл чарбалык мелиорация
  • агрохимия
  • агрофизика
  • дыйканчылык
  • өсүмдүктүрдү өстүрүүчүлүк
  • селекция
  • урук таануу
  • фитопатология

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1