Дендрология

Википедия дан
Дендрология

Дендрология (дендро... жана ...логия) — ботаниканын дарак, бадал изилдөөчү бөлүгү. Дарак өсүмдүктөрүнүн системасын, морфологиясын, биологиялык касиеттерин, таралышын жана эл чарбасында пайдаланышын талдайт. Дендрологиянын дарак породаларынын касиети жөнүндөгү маалыматтары токой таануу, токой өстүрүүнүн теориясы менен практикасында, айыл чарбасында, айрыкча талаа коргогуч токой тилкелерин түзүүдө кеңири колдонулат. Ошондой эле тал, терек, эмен, жаңгак, кызыл карагай жана башкалардын жаңы түрлөрү чыгарылып, алар мурда өспөгөн жаңы жерлерге өстүрүлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1