Дарак

Википедия дан
Tilia cordata.

Дарак, агач – катуу сөңгөктүү, тамыры бекем көп жылдык өсүмдүктөрдүн, жалпы аты. Д-тын сыйда жоон сөңгөгүнөн көптөгөн майда бутактар чыгат. Калың токойдо Д. түз, бийик өсүп, шагын аз байлайт, ачык жерде жалпак жана жоон өсүп, коюу бутактайт. Токойчулукта Д. бийиктиги боюнча бөлүнөт. 25 м ден жогору (кызыл карагай, эмен, ак карагай, кара кайың, шуң дарак, жөкө дарак), 15-25 м (бай терек, кайың, ак мажрум тал, бал карагай) 7-15 м (ак чечек, арча, четин жана башка). Мөмө Д-ры үч түргө бөлүнөт: 1) бийик, көп жыл өсүүчүлөр (алмурут, гилас), 2) көп бийик эмес, аз убакка өсүүчүлөр (шабдаалы, алчанын кээ бир түрү), 3) орточо түрлөрү (алма, өрүк жана башка). Дарактын сөңгөгү курулуш материалдары, ошондой эле тирилчиликте колдонулуучу жыгач буюмдары жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]