Токойчулук

Википедия дан
Австриядагы токойлорду кыюу.
Белгилүү бир даракты кыюууга, токойчунун белгиси (Токойчунун балкасы).

Токойчулук — Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн бир багыты. Токой ресурстарын көбөйтүү жана колдонуу максатын көздөйт; ошондой эле илимий дисциплина катары көбөйтүү методдорун жана токойлордук продуктивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча изилдейт.

Токой ресурстары - биологиялык ресурстардын негизги бөлүгү катары чарбачылыкта чийки сыръе же болбосо энергиянын булагы катарында колдонулат.

Учурдун талабына жооп берген токойчулук, токойлорду адамдардын чарбачылыгы үчүн колдонбостон, жапайы жандыктар үчүн жашоо чөйрө, ошондой эле натуралдык суулардын жөнгө салынышын, токой массивдерин көбөйтүшү жана жаратылыш ландшафтын жайылтуу, атмосферада көмүр кычкыл газынын курамынын көбөйүп кетпешин көздөйт

Токойлор Жер шарынын биосферасынын эң негизги бөлүгү катары каралат. Бул тармакта иштеген адамдардын кесиби токойчу деп аталат.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • (en) Charles H. Stoddard Essentials of Forestry. New York: Ronald Press, 1978.
  • (en) G. Tyler Miller. Resource Conservation and Management. Belmont: Wadsworth Publishing, 1990.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]