Токой

Wikipedia дан
Токой.

Токой – жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн негизги типтеринин бири; негизинен бир же бир нече түрдөгү дарак, бадал өсүмдүктөрүнөн туруп, белгилүү аймакты ээлейт. Т-до дарак, бадалдан башка түрдүү чөп, мамык чөп, эңилчек жана башка да өсөт. Ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу (бир тектүү же аралаш) күбүлмө, жалбырактуу жана дайыма жашыл Т-го бөлүнөт. Т. көптөгөн куштар менен жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсү; жыгач, химия, тамак-аш; фармацевтика өнөр жайда жана башка тармактарга сырьё берет. Жер бетиндеги биомассанын 90 % Т-до топтолгон. Топурак жана ным сактоодо мааниси зор, биосферанын туруктуу болушунун негизги факторлорунун бири. Ошондуктан Т-ду коргоо, жаңыртуу жана башка камкордуктар чоң мааниге ээ. Туташ өскөн Т. дүйнөдө 3000 млндой га жерди же жер шарындагы кургактыктын 24 %ин ээлейт. Т-гу жыгачтын дүйнөлүк запасы 360 млрд. м3. Дүйнөдө Т-дон жылына 2 млрд. м3 жыгач даярдалып, 20 миң түрдүү буюм жасалат. Кыргызстанда жалпы Т. аянттары биригип мамлекеттик Т. фондусун түзөт; анда дарактын 433, бадалдын 950 түрү өсөт. Кыргызстандын Т. фондусу 2730,4 миң га жерди ээлеп, анын ичинен 729,2 миң га жер Т. менен капталган. Т. табиятта суу балансы менен климатты жөнгө салат, кычкылтек иштеп чыгарат, атмосфераны зыяндуу заттардан тазалайт жана жер кыртышын ар кандай эрозиядан бузулушуна жол бербейт. Т-до ар түрдүү айбанаттарга аңчылык кылынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]