Чөп

Википедия дан
Түк чөп

Чөп — чабылып, 15-17%ке чейин кургатылган негизги кургак тоют. Колдо багылган малга берилет.

Чөп үстүндөгү кар

Чөптүн тоюттук сапаты анын ботаникалык курамына, өскөн жердин шартына, чаап-жыйналган мезгилине, сактоо мөөнөтүнө жана шартына жараша болот. Ботан. курамы боюнча чанактуу, кылкандуу, аралаш Чөп, чанактуу-кылкандуу, кылкандуу-аралаш Чөп чанактуу-аралаш болуп бөлүнөт. Чанактуулардан беде, кара беде, жер буурчак, кылкандуулардан шалбаа жылгыны, шалбаа бетегеси, райграс, ат конок, тарак баштын чөбү баалуу. Боздоң жерде өскөн Чөп саздак жердегиге караганда аш болумдуу заттарга бай келет. Алгачкы өсүү фазасында чабылган Чөптө аш болумдуу заттар жана витаминдер көп болуп, сиңимдүүлүгү жогору болот. Чөптүн сиңимдүүлүгү анын бүрдүүлүгүнө жараша, себеби өсүмдүктүн сабагына караганда бүрүндө протеин, май жана минерал заттар көп кездешет. Эгилме чанактуу өсүмдүктөрдүн чөбүнүн сиңимдүүлүгү концентрат тоюттун сиңимдүүлүгүнө жакын болот. Кылкандуу эгилме өсүмдүктөрдөн алынган чөп протеинге, витаминдерге жарды келет. Уй, кой жана жылкыга чөп кошумча иштетилбей, ал эми чочко, үй куштарына майдалап, ун түрүндө берилет. Чөптүн сапаты анын өңүнө, жытына жана жумшактыгына жараша аныкталат. Сапаттуу чөптүн өңү көк, ал эми кеч жыйналып, күнгө көп жатып, жаанга калган же нымдуу үймөктөлгөн чөптүн өнү саргыч, күрөң, кара күрөң түстө болуп, көк жыттанып турат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4