Тоют

Википедия дан

Тоют — мал азыктандырылуучу өсүмдүк жана жаныбар тектүү продукт, ошондой эле минерал заттар.

Тоют малды керектүү азык-заттар менен камсыз кылып, организминин иштешине, өсүшүнө жана продукция беришине шарт түзөт. Тоют малга сиңимдүү, жегиликтүү, организмге терс таасир тийгизбегендей, физилдөө-химиялык сапаты боюнча малдын анат.-физиол. өзгөчөлүгүнө жараша болуш керек. Тоют тегине (эмнеден даярдалгандыгына) жана негизги касиеттерине жараша топторго бөлүнөт. Эң кеңири пайдаланылуучу Тоюттарга өсүмдүк Тоюту (көк Тоют кесек Тоют, силос, сенаж, тамыры тоют өсумдүктөр, жем) жана техникалык өндүрүш калдыктары кирет. Көк Тоют кепшөөчү малдын жай мезгилиндеги тоют рационунун негизин түзөг. Кесек Тоют чөп, саман, тыпын жана жүгөрү сотосунун сөңгөгүнөн даярдалат. Анда кепшөөчү малдын тоют синиришине керектүү клетчатка көп болот. Сапаттуу даярдалган чөп кыш мезгилинде мал үчүн негизги Тоют болуп эсептелет. Сенаж солутулган чөптөн ачытылып (консерваланып) даярдалат. Кепшөөчү малдын рационунда чөп менен силосту алмаштырат. Чөпуну - чанактуу жана чанактуу дан өсүмдүктөрү кургатылып, майдаланып даярдалган Т. Мал рационунда белоктуу-витаминдүү кошулма катары пайдаланылат. Силос – чыктуу Тоют Кышкысын малдын бардык түрү тоюттандырылып, жайкысын кошумча Тоют катары берилет. Тамыры азык өсүмдүктөр (кызылча, сабиз, чамгыр, картошка ж. б., ошондой эле ашкабак, тоют дарбызы ж. б.) чыктуу Тоютка кирет. Аларды малдын бардык түрү жакшы жейт. Бул Тоюттун кургак затында сиңимдүү углеводдор, С витамини жана каротин көп болот. Ж е м г е сулу, арпа, жүгөрү, буурчак ж. б. кирет. Жем углеводдорго жана протеинге бай келет. Күнжара, меласса ж. б. Тоют түрлөрү - техникалык өндүрүш продуктуларынын калдыгы. Тоюттун бул түрлөрүнүн Тоюттук касиети сырьёнун сапатына, сортуна жана өндүрүш технологиясына жараша болот. Малдан алынган Тоют - ынак жана көк сүт, балык уну, эт-сөөк уну, кан уну ж. б. Мындай Тоюттар протеинге, минерал заттарга жана витаминдерге бай. Малдын бардык түрүнүн төлу, үй куштары, куну айбанаттар тоюттаныдырылат. Минералдуу тоюттардан кайнатма туз, бор, аки таш, сөөк уну ж. б. көп пайдаланылат. Аралаш тоют ар түрдүү Тоют аралашмасынан даярдалат. Тоюттун курамы жана синимдүүлүгү көп факторлорго, алардын ичинен өсүмдүктүн өсүү шартына (аба ырайы, топурак, жер семирткич, агротехникасы), өсүмдүк сортуна, өсүмдүктү жыйноо учурундагы өсүү фазасына, жыйноо ыкмасына, сактоо шартына жараша болот. Тоюттун сапаты сырткы белгилери (түсү, жыты ж. б.) боюнча да аныкталат. Тоюттун курамына, сиңимдүүлүгүнө, сырткы көрүнүшүнө Мамлекеттик стандарт боюнча талап коюлат. Бүртүктөлгөн, брикет, кургатылган Тоют, силос көпкө сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4