Энциклопедия

Википедия дан

Илимий айлампа, энциклопедия (грек. enkyklios paideia - илимдин бардык тармагынан окутуу) - илим-билимдин же практикалык иш-аракеттин айрым бир (тармактуу Энциклопедия) же бардык тармагы (универсал Энциклопедия) боюнча маанилүү маалымат камтыган илимий же илимий-популярдык адабияттын бир түрү.

Ал ар бир доордун илими менен маданиятынын деңгээлин гана көрсөтүү эмес, өзүн түзүп жаткан тап мүдөөсүн көздөө милдетин да аткарат. Түзүлүшү боюнча Энциклопедия алфавиттик (материал алфавит тартиби боюнча жайгашат) жана систематикалык деп айырмаланат. Көлөмүнө жараша шарттуу түрдө чоң (ондогон томдуу), кичине (10-12 т.). кыскача (4-6 т.) жана Энциклопедиялык сөздүк деп аталчу 1-3 томдук Энциклопедияларга бөлүнөт. Алардын ар бири атайын иштелип чыккан тематикалык план жана еөз тизме боюнча даярдалат.

«Энциклопедия» термини антикалык доордо жалпы билим берүүчү предметтердин (грамматика, риторика, диалектика же логика, геометрия, арифметика, музыка, астрономия) жыйындысын туюнткан. Бирок кадимки Энциклопедиянын түзүлүшү жаңы мезгилге таандык. Анын тунгуч туундусу- 1751-80-ж. Францияда Д. Дидро менен Ж. Л. Д’Аламбердин редакциясында чыккан «Энциклопедия же Илимдин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө сөздүгү».

17-кылымдын 2-жарымынан Европанын өнүккөн өлкөлөрунүн баары, 19-кылымдын 2-жарымында АКШ өз алдынча Энциклопедия чыгарууга киришкен. Алардан белгилуүлөрү: 1975-ж. 15-басылышы чыккан «Британия энциклопедиям.», «Эспаса» аттуу 80 том итальян энпиклопедиясы (1908-30, 1930-33).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.