Логика

Wikipedia дан

Логика(грек. logos – сөз, ой, кеп, акыл) – ой жүгүртүүнүн калыпы жана мыйзамдары жөнүндөгү илим. Ал үч бөлүктөн турат: диалектикалык логика, математикалык логика жана формалдуу логика.

Диалектикалык логика – объективдүү дүйнөнүн өнүгүшүнүн адамдын ой жүгүртүүсүндөгү чагылыш калыпы жана мыйзымдары, чындыкты таанып-билүүнүн мыйзам ченемдери жөнүндөгү илим. Анын элементтери Гераклит, Платон, Аристотель ж. б. ойчулдардын эмгектеринде, ал эми таанып-билүүнүн, ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана методдору катары Ф. Бекон, Декарт, Лейбниц ж. б. окууларында кездешет.

Диалектикалык логиканы өнүктүрүүгө белгилүү салымды Кант жана Гегелдер кошушкан. Анын негизги маселеси катары заттарга диалектиканын мыйзамдарынын жасаган аракеттеринин байланышынын түшүнүктөрдө чагылдырууну изилдөө, анын негизинде ой жүгүртүүнүн өзүнүн өнүгүшүн үйрөнүү, таанып-билүүнүн жалпы мыйзамченемдери каралат.

Математикалык логика – логикада математикалык методдорду колдонуу, ошондой эле математикалык талдоолорду жана далилдөөлөрдү логикалык изилдөө жөнүндөгү билимдердин жыйындысы.

Формалдуу логика – ойдун формаларынын (ойдо талдоо, ой жыйынтыктоо, түшүнүү, далилдөө ж. б.) логикалык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Формалдуу логиканын негизги максаты – корутунду билимге ээ болуу жараянында сакталуучу мыйзамдарды жана принциптерди иштеп чыгуу болуп саналат.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004