Математикалык логика

Википедия дан

Математикалык логикалогикада математиканын формалдуу методдорун жана математикалык ой жүгүртүүлөр менен далилдөөлөрдүн логикалык изилдөөлөрүн колдонуунун натыйжасында түзүлгөн билимдер тармагы. Математикалык логикада логикалык процесстер логикалык эсептөөлөр сыяктуу формалдаштырылган тилдерде аларды чагылдыруу аркылуу изилденет. Математикалык логикада логикалык эсептөөлөрдүн формалдуу түзүлүшүн изилдөө менен катар эле эсептөөлөр жана алардын интерпретациясы менен моделдери болуп кызмат кылуучу мазмундуу тармактарынын ортосундагы катыштарды кароо милдети да турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8