Мазмунга өтүү

Гераклит

Википедия дан
Гераклит.

Гераклит Эфесский (грек тилинде Ἡράκλειτος ὁ Ἐφέσιος, б. з. ч. 544—480-жыл чен) — туулган жери Кичи Азиянын батыш жээгиндеги Эфес шаары. Байыркы гректик ак сөөк үй-бүлөдөн чыккан. Демократияга кас мамиле жасаган жана бийлик аз сандагы «жакшыларга» таандык болууга тийиш, анткени «эң жакшылар баардыгынан бир гана нерсени: бардык оопасыздыктан көрө түбөлүк даңкты каалайт. Ал эми топурагандар болсо малга окшоп курсагынын тойгонун ойлойт» Маковельский А.О. Досократики. 1-т. 162-6. Бирок Гераклиттин аристократизми саясый түскө караганда руханий түскө көбүрөөк ээ болгон. Ага «Жаратылыш жөнүндө» деген эмгек таандык, андан бизге 130 үзүндү гана жеткен. Бул чыгарма образдуу, кыска, бирок оор, көп учурда түшүнүксүз тил менен жазылган (ошондуктан Гераклитти «караңгы» деп аташкан).

От жөнүндө окуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гераклит отту бардык маңыздын түпнегизи деп тааныйт. Ал сакталып калган фрагментте төмөнкүчө жазган: «Бул космос бардыгы үчүн бирөө гана, аны кудайлардын да жана адамдардын да эч кимиси жараткан эмес, бирок ал ар дайым бар болуп турган, бар болуп турат жана белгилүү бир өлчөмдө өчүп, белгилүү бир өлчөмдө күйүп туруучу түбөлүк жандуу от болуп тура берет». Башка бир фрагментте ал бул түбөлүк жандуу оттун өзгөрүүлөрү жөнүндө жазат: «Алтынды товарга, товарды алтынга алмаштыргандай бардыгы отко, от бардыгына алмашылып турат». Бардык жерсууабаот багытында өзгөрүүлөрдү Гераклит жогору кетүүчү жол деп, ал эми тескери ыраатта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү ылдыйга кетүүчү жол деп айтат.

Өзгөрүүлөр жөнүндө идеясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гераклит кубулуштардын өз карама-каршылыгына өтөрү жөнүндөгү ойду айткан. «Тигиниси да, мунусу да: жандуусу менен өлгөнү, ойгоосу менен уктаганы, жашы менен карысы — баары бизде. Анткени, бул өзгөрүлүп ошол болот, жана ошол өзгөрүлүп, бул болот», «Муздак жылыйт, жылуу муздайт, ным кургайт, кургак ным болот». Каршылаштар кошулат, ажырашып жаткандардан эң сонун гармония келип чыгат жана бардыгы күрөш аркылуу келип пайда болот». Ар кандай кубулуш Гераклит үчүн карама-каршы башталыштардан пайда болот. Бул карама-каршылыктар күрөш абалында турат «Согуш — баарынын атасы, баарынын энеси; бирөөлөрүн ал кудайларга, башка бирөөлөрдү адамга айландырды: бирөөсүн ал кул кылды, башкаларын эркин кылды». «Согуш жалпы нерсе жана чындык да-күрөш, бардыгы зарылдыгы боюнча жана күрөш аркылуу пайда болот».

Гераклиттин концепциясы — бул өзгөрүүнүн универсалдуулугу, анын баарын кучагына алуучу жалпылыгы. Ага «баардыгы агылып турат» деген сөздү таандык кылышат. Анын айткан чыныгы сөздөрү төмөнкүчө: «Бир кечкен сууну эки кечүүгө болбойт».

Дүйнөнүн башкы негизи карама-каршылыктардын күрөшү экенин таануу менен, Гераклит ошону менен эле бирге, карама-каршылыктар бири-бирине өтүү менен экөөнө тең болгон бирдейлик негизди сактап турат деген, башкача айткандаал карама-каршылыктардын бирдейлиги жөнүндөгү идеяны көтөрүп чыгат. Карама-каршылыктардын биримдигин тааныбагандарга каршы чыгып, ал мындайча жазат: «Алар ажыраша тургандар өздөрүнчө кандайча макулдук табышарын түшүнүшпөйт. Жебе менен лиранын гармониясынан байкалгандай эле ал карама-каршылыктар акыры түбүндө келип пайда боло турган гармониянын өзү».

"Логос" идеясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бытиенин мыйзамы Гераклитте — «бүткүл жалпы логос (λόγος) », ал карама-каршылыктардын күрөшүнүн, алардын биримдигинин жана бирдейлигинин негизинде жатат.

Өзгөрүүлөрдүн үзгүлтүксүз процесси, кыймыл процесси, ошондой эле карама-каршылыктардын бири-бирине өтүп турушу нерселердин сапаттарынын салыштырмалуулугу менен байланыштуу. Алсак Гераклит деңиз суусунун таза да, ошол эле убакта өтө булганч да болушун мисал келтирет: «Балыктар үчүн ал суу азык берет, алардын жанын сактайт, адамдарга аны ичүүгө болбойт, зыяндуу». 62-фрагментте ал мындай деп жазат: «Өлбөстөр өлөт, ал эми өлгөндөр — өлбөс болушат: бирөөлөрдүн өлүмү экинчилердин өмүрү, бирөөлөрдүн өмүрү экинчилердин өлүмү».

Гераклит өзүнүн трактатында тааным маселелерине чоң орун берет. Анын пикири боюнча билимдерди жөнөкөй топтоо жолу менен нерселердин чыныгы жаратылышын таанып-билүүгө болбойт. «Көп билим акыл кошпойт. Анткени, тескерисинче болгондо ал Гесиод менен Пифагорго, ошондой эле Ксенофан менен Гекатейге акыл кошмок». Гераклиттин пикири боюнча, тааным сезимдер аркылуу ишке ашырылат, бирок сезимдер чыныгы билим бере албайт, чыныгы билимге ойлом аркылуу жетишүүгө болот. Гераклит үчүн сезимдер менен акыл-эс таанымда тыкыс байланышып турат. «Мен көрүүгө, угууга жана иликтеп-үйрөнүүгө боло турган нерсени артык көрөмүн». 107-фрагментте ал мындай деп баса белгилейт: «Жан дүйнөсү караңгы адамдардын көзү менен кулагы жаман күбө».

Адабиятта Гераклит ак сөөктөрчө ой ойлогон, бирок түнт ойчул катарында сүрөттөлөт. Диоген Лаэртский өзүнүн «Атактуу философтордун өмүрү, окуусу жана насыяттары жөнүндөгү» эмгегинде мындай деп жазат: «Ал өтө акылдуу жана баарынан ашкан текебер адам болгон... Адамдарды жек көрүп, тоого кетип, жалгыз жашап, чөп-чар жеп жан баккан». Бирок тарыхчылардын бул айрым пикирлери Гераклиттин түптүү идеялары менен сыйышпайт, ал өзүнүн идеяларында андан кийинки көптөгөн философиялык концепцияларды, баарынан мурда Гегелдин диалектикасын озунуп айтып кеткен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]