Суу

Википедия дан
Муз (айсберг).
Суу

Суу, өс — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Ал метеорологиялык шартка жараша түрдүү абалда (туман, булут, жаан, кар, мөңгү, муз) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен, табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ.

Жер шарынын 3⁄4 бөлүгү суу менен капталып, дайыма жаратылышта айланып жүрөт. Жер бетинин 60%га жакыны тузсуз сууга муктаж. 500 млндой киши суунун жетишсиздигинен же сапатсыз болушунан түрдүү оорулар менен жабыркашат. Суу ресурсунун көбүн ичүүгө жана өнөр жайга жараксыз туздуу деңиз жана океан суулары түзөт. Суунун азыктык касиети болбогону менен тирүү организмдин ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдө 90%га, чоң кишинин денесинде 65%га жакын суу болот. Организмде суунун белгилүү санда туруктуу болушу — тиричиликтеги зарыл шарттардын бири. Организм керектөөчү суунун саны жана андагы туздун курамы өзгөрсө, тамак сиңирүү, кандын пайда болушу жана башка процесстер бузулат. Суусуз организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жылуулук алмашуу, дененин туруктуу температурасын сактоо мүмкүн эмес. Адам суусуз бир нече күн жашай алат. Эгер ал 1—1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6—8%га жакын суусун жоготсо, жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе, галлюцинация болуп, жута албай калат, ал эми 12%дан ашык жетпесе, өлөт. Кишилер иштеген ишине, чөйрө шартына жана тамак-аштагы туздун санына жараша орто эсеп менен күндө 2ден 4 лге чейин суу ичет. Суткалык орточо керектөө — 2,5 л. Сууну ашыкча ичүү жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирип, көп тердетет, тер менен кошо туздар чыгат жана организм алсызданат. Ичүүчү 1 л сууда 0,02ден 2 гга чейин минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт. Мисалы, сууда фтор жетишпесе тиш чирийт, ашык болсо ал карарып, тактар пайда болот. Сууда кальций, магний, темир туздары көп болсо шордуу суу деп аталат. Анда жашылча, эт жакшы бышпайт, чай жакшы чыкпай, даамы да болбойт, кир жууганда самын жакшы көбүрбөйт. Үй шартында шордуу сууну жумшартуу үчүн кайнатуу керек. Эгерде сууда темир көп болсо суунун түсү өзгөрүп, темир даамданат, аны кайнатканда идиште кызыл күрөң кебер пайда болот. Сууга жугуштуу оорунун козгогучу түшсө (мисалы, ич келтенин таякчасы агын сууда 183 күнгө чейин, дизентериянын таякчасы 92 күнгө чейин жашайт), алардын таралышына шарт түзөт. Суунун сапатын баалоодо адам сезүү органдары аркылуу сезген анын температурасы, тунуктугу, жыты, даамы, шордуулугу кыйла маанилүү. Биздин өлкөдө ичүүчү суунун сапатын санитария-эпидемиологиялык станция көзөмөлдөйт. Суу жалаң гана ичүү, чарбалык-тиричилик жана өндүрүш үчүн эмес, анын ден соолук, эстетикалык жана спорт үчүн да мааниси чоң. Суунун жетишсиздиги экономикалык, техникалык процесске терс таасир этет. Анын айыл чарба жана өнөр жай үчүн мааниси баа жеткис. Мисалы, 1 талаа эгин өстүрүү үчүн 1000 м3, 1 табак күрүч үчүн 4000 м суу талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8