Мазмунга өтүү

Кислота

Википедия дан
CH3COOH.

Кислоталар — металл менен оңой алмашуучу суутеги бар жана сууда эригенде Н+ ионун пайда кылуучу химиялык бирикмелер. Кислоталар кычкылтектүү, (H2SO4, H2CO3, HNO3 ж. б). жана кычкылтексиз (HCl, H2S, HCN ж. б.) болуп айырмаланат. Кычкылтектүү кислоталар кээ бир кислоталык оксиддердин суу менен кошулушунан, кычкылтексиз кислоталар айрым элементтердин суутек менен кошулушунан пайда болот. Кислоталардын молекуласындагы суутек атомунун саны алардын негиздүүлүгүн аныктайт, мисалы, HCl, HNO3 — бир негиздүү, H2S, H2SO4 — эки негиздүү, H3PO4 — үч негиздүү кислоталар.

Байланыштуу макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]