Мазмунга өтүү

Гидраттануу

Википедия дан

Гидраттануу – эриген заттардын суу менен химиялык өз ара аракеттенүүсү; солъватациянын бир түрү. Гидролизден айырмаланып, анда суутек жана гидроксил иондору пайда болбойт. Анын бир нече түрү бар: щелочторду, кислоталарды пайда кылуучу окистердин (мисалы, SO3+H2O=H2SO4, Na2O+H2O=2NaOH), сууда электр диссоциация жүрүүгө бирден бир себепкер болгон иондордун, органикалык заттардын Гидраттануусу белгилүү. Кээ бир органикалык же органикалык эмес заттар суу менен кристаллдык-гидраттарды пайда кылат. Мисалы, суусуз CuSO4 түссүз зат. Анын суудагы эритиндисинен ачык көк түстөгү гидрат CuSO4‘ SH2O көк таш кристаллданып, электролиттерде эриткенде иондордун гидраты пайда болот. Органикалык. бирикмелердин гидраттануусу органикалык заттарды синтездөөдө чоң роль ойнойт, мисалы, этиленден этил спирти CH2=CH2+HOH>C2H5OH ж. б. алынат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]