Дизентерия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дизентерияжоон ичегини жабыркатып, ичти өткөрүүчү жана жалпы денени ууландыруучу (алы кетип, шалдырап, баш ооруп, дене ысыйт, жүрөгү айланып, кээде кусат), катуу кармама жугуштуу оору.

Козгогучу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ооруну ичеги бактериясы козгойт. Дизентериянын козгогучу сырткы чөйрөнүн ар кандай шартына өтө туруктуу. Айрыкча сүт, каймак, май, быштак, кам каймак, бышкан эттен жана жашылчадан даярдалган тамак азыктарында бир нече күнгө чейин сакталат. Жылуу жерде өзгөчө жай күндөрүндө мындай азыктарда дизентериянын таякчалары жакшы көбөйөт. Козгогучтар оорулуунун заңы менен булганган сууда, жер кыртышында 3 — 5 айча жана ыпылас таштоочу чуңкурларда, көлмөлөрдө 50 күнчө сакталат. Дизентерия таякчалары оорулуудан же бактерия алып жүрүүчүдөн (к. Бактерия алып жүрүүчүлүк) анын заңы менен сыртка бөлүнүп, жер кыртышын булгайт.

Себептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Дизентерия кишиге булганган сууну ичкенде, тамак-ашты жегенде, кир колдон, булганган тиричилик буюмдарын колдонгондо жугат. Дизентерия калк арасында негизинен үч жол менен (суу, тамак-аш жана үй тиричилик буюмдары аркылуу) тарайт. Дизентерия арык, көлмө, көлчүк жана башка дагы булганган сууларды ичкенде же ал сууга түшкөндө жугат. Жылуу мезгилде (жай, күздө) дизентериянын козгогучун чымын да таратышы мүмкүн. Чымын канатына, бутуна дизентериянын таякчаларын жабыштырып алып, даяр тамакка конуп, аларды булгайт. Оору тамак-аш аркылуу таралышы мүмкүн. Айрыкча бала бакчада, коомдук тамактануу жайында, сүт өнөр жайында жана башка иштеген оорулуу же бактерия алып жүрүүчүлөр гигиенаны одоно бузганда, бул оору абдан көбөйүп кетүү коркунучу туулат. Дизентерия оорулуу же бактерия алып жүрүүчүнүн кир колу жана ал колдонгон буюмдар (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук, ич кийим, шейшеп жана башка) аркылуу таралышы мүмкүн. Оорунун мындай жол менен жугушу көпчүлүк учурда оорулууну баккан жана чогуу жашаган кишилер, айрыкча жаш балдар гигиенаны сактабаганда болот. Бактерия ооз аркылуу ичегиге түшүп ал жерде өсүп, көбөйүп ооруну пайда кылат. Карынга түшкөн бактериянын бир катары өлүп, уу зат — эндоксин (Токсиндер) бөлүп чыгарат. Ал ичегиден канга өтүп жалпы организмди ууландырат. Бир катар микроб жоон ичегиге келип, көбөйүп ичегини жара кылып жиберет. Оорунун жашыруун мезгили 2 — 7 күнгө, өтө оор учуру бир нече саатка чейин гана созулушу мүмкүн. Д. өтө катуу башталат. Ооруган кишинин алы кетет, чыйрыгат, денеси ысыйт. Суткасына 10—25 жолу ичи өтөт. Ичи бурап, толгоо сыяктуу ооруп, кан, ириң, көбүк аралаш өтөт, ошондой эле оорулуу заңдагысы келгенсип, ыйынат. Ооруган адамды врач келгенче өзүнчө бөлмөгө жаткызып, буюмдарын (идиш-аяк, сүлгү, жууркан, төшөгүн жана башка) бөлүп коюу зарыл. Оорулууну ооруканага жаткыруу же үйдө дарылоону врач чечет, анын көрсөтмөсү жана көзөмөлүндө дарыланат. Өз алдынча дарыланууга болбойт. Сүт, куурулган, ышталган, майлуу же ачуу азыктарды жегенге, ичкилик ичүүгө дээрлик болбойт. Тамак диетасы врачтын көрсөтмөсү менен белгиленет.

Алдын алуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ооруну алдын алууда оорулуу колдонгон буюмдарды өз убагында тазалоо, жугушсуздандыруу ишин жүргүзүү керек, оорулуу колун тамак ичээрде жана даарат ушаткандан кийин самындап жууп туруусу зарыл. Колдонулган күлтүк хлордуу акиташтын 1%түү (10 л сууга 7 аш кашык) эритмесинде чыланат. Идиш-аяк, сүлгү, оюнчуктар, ич кийим жана шейшептер 2%түү самын-сода (1 л сууга 1,5 аш кашык ичилүүчү сода) эритмеси менен кайнатылып, жугушсуздандырылат. Коомдук ашканаларда, балдар бакчасында, соода түйүндөрүндө тамак даярдоонун технологиялык эрежесинин туура сакталышы, чымынды өз убагында жоготуу, айрыкча, өздүк гигиенанын туура сакталышы, жашылча-жемишти ысык суу менен жууп колдонуу, идиш-аякты таза сактоо, сүттү жана сүттөн даярдалган азыкты жана арык суусун кайнатып ичүүнүн дизентерияны алдын алууда мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8