Жоон ичеги

Википедия дан

Жоон ичеги — ичегинин бир бөлүгү. Ал ичке ичегиден башталат. Узундугу орто эсеп менен 1,5 метрдей. Жоон ичеги анат. түзүлүшү боюнча бир нече бөлүктөн турат да, ичке ичегини алкак сымал айланта курчап жатат. Ичке ичегинин жоон ичегиге өткөн жери атайын жапкыч клапандар менен жабдылып, алар Жоон ичегидеги заңды ичке ичегиге жибербейт. Жоон ичегинин башталышы (мөөн) туюк болот да, ич көңдөйүнүн төмөнкү оң жагынан орун алган. Ошол туюк мөөндүн ылдый жагында уз. 3—7 смдей сөөлжанга окшогон урчук кетет. Ал сокур ичеги (аппендикс) деп аталат. Сокур' ичегинин ичинде адамдын организминде ар кандай ооруларга каршы иммунитет пайда кылуучу лимфа түйүндөр бар. Адамдын сокур ичегисине оору чакыруучу микробдордун же эрибеген тамак бөлүктөрүнүн кирип калышынан аппендицит пайда болот. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен жана сигма түрүндөгү бөлүктөрү уланат. Акыры көтөн чучукка өтөт. Анат. түзүлүшү боюнча Жоон ичегинин ичке ичегиден бир топ айырмасы бар. Жоон ичегинин ички бетин былжыр чел каптап турат. Ал былжыр челдин тереңинде былжырлуу суюктук бөлүп чыгаруучу без клеткалары бар. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынан заң пайда болот, ошондуктан анын ички бети ичке ичегиникинен жылмакай келет. Жоон ичегиде К жана В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден келген тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сорулуп канга өтөт. Акыры Жоон ичегиде пайда боягон заң жылып отуруп көтөн чучук аркылуу сыртка чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8