Жүрөк

Wikipedia дан

Жүрөк – жаныбар жанаадамдын жүрөк-кан тамыр системасынын борбордук органы. Жүрөктүн булчуңдуу капталынын ыргактуу жыйрылышы организмдеги кандын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылат. Бардык омурткалуу жаныбарлардын (балык, бака, кескелдирик, канаттуулар менен адамга чейин) кан айлануу системасы негизинен окшош. Адамдын жүрөгү 4 камерага (оң жана сол дүлөйчө, оң жана сол карынча) бөлүнгөн көңдөй булчуң органы. Омурткалуулардын ар кандай классына кирген жаныбарларда жүрөк камераларынын саны бирдей эмес. Балыктын жүрөгү бир дүлөйчөдөн жана бир карынчадан, жерде-сууда жашоочулардыкы эки дүлөйчө, бир карынчадан турат. Канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдө эки дүлөйчө, эки карынча болот. Дүлөйчөнүн капталы карынчаныкына караганда жука. Оң дүлөйчөгө төмөнкү жана жогорку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө веналары куят. Карынчанын капталы булчуңдуу калың катмардан турат. Оң карынчадан өпкө артериясы, сол карынчадан толто чыгат. Ар бир дүлөйчө менен карынчанын ортосундагы кош жапкактуу жана үч жапкактуу клапандар кандын дүлөйчөдөн карынчага агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда, кан агып, жүрөктүн карынчаларына толот. Карынчалардын керегесиндеги булчуң жыйрылып, канды толто менен өпкө артериясына сыгып чыгарат. Бул кан тамырлар майда артерияларга бөлүнүп, дененин бардык органдары менен ткандарына жеткенде, көп капилляр торчолорун түзөт. Капиллярдын капталындагы эң майда жылчыктар аркылуу кан менен ткандын ортосунда зат алмашуу жүрөт. Кан капиллярдан венага өтүп, веналар жүрөк. дүлөйчөлөрүнө куят. Адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 55-70 жолу жыйрылып, 4,5-5 литр канды айдап турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]