Омурткалуулар

Wikipedia дан
Омурткалуулар
Vertebrates.png
Омурткалуулар
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Vertebrata Cuvier, 1812

Инфратүрлөрү
Wikispecies-logo.svg
Систематика
Уикитүрлөрдө
Commons-logo.svg
Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS   331030
NCBI   7742
EOL   2774383
Омурткалуулар.

Омурткалуулар, баш сөөктүүлөр (лат. Vertebrata же Craniata) — жаныбарлардын хордалуулар тибиндеги типче. Соңку силур мезгилинен белгилүү. Омурткалуулардын теги – жөнөкөй хордалуулар. Эволюциялык процесстин натыйжасында алгачкы өзөк скелети – хордасы – акырындап бири-бири менен бириккен кемирчек же сөөк омурткалардан турган омуртка тутумуна алмашкан (аты ошондон). Ошентип суу агымына туруштук бере турган күчтүү булчуңдуу бекем таяныч пайда болгон. Ошондой эле дем алуу, азык сиңирүү, кан айлануу, бөлүп чыгаруу жана сезүү органдары, борбордук нерв системасы өөрчүгөн. Айрыкча бул системалардын өөрчүшү омурткалуулардын суудан кургакка жашоого өткөндө зарыл болгон. Тамак сиңирүү системасы татаалданган. Булчуңдуу жүрөгү бир нече бөлүктөн турат. Кан айлануу системасы туюк. Сууда жашоочу омурткалуулар бакалоору, кургактагылар жаңы пайда болгон дем алуу органы–жуп өпкөсү менен дем алат. Омурткасыздарга караганда гормондук жөнгө салуу татаалданган. Нерв системасы мээ, жүлүн жана четки түйүндөрүнөн (ганглия) турат. Омурткалуулардын кыймыл-аракетинин активдүүлүгү сезүү органдарынын түзүлүшүнүн жана функциясынын татаалданышына алып келген. Омурткалуулар демейде айрым жыныстуу, жуп жыныс бездери болот. Кээ бир балыктар – гермафродиттер. Оймок ооздуулар, балыктар, жерде-сууда жашоочулардын көбү, куштар жумуртка, сүт эмүүчүлөр тирүү тууйт. Азыркы омурткалуулар 7 класска (оймок ооздуулар, кемирчектүү балыктар, сөөктүү балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр) бөлүнүп, 40–45 миңдей түрү белгилүү. Биосфера процессинде жана адам үчүн омурткалуулардын мааниси өтө чоң. Көпчүлүгү – үй айбандары жана промыселдик жаныбарлар. Айрымдары – жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөр, кээ бирлери эл чарбасына, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]