Баш оору

Википедия дан
Баш оору туталак(приступ)

Баш оору (лат. cephalalgia, -грек. ἐγκέφαλος — Баш мээ + ἄλγος — оору) — ар кандай оорулардын көп кезигүүчү белгилеринин бири.

Баш оорунун себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш оорунун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония оорулары, шакый(француз байыр.-грек. ἡμικρανία же новолат. hemicrania — шакый же «жарым баш»).) баш лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичкилигин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарык таасир эткенде күчөйт.

Гипертония оорусу менен ооругандарда уктап турганда көбүнчө баш салмактанып, кежиге ооруйт. Шакыйда приступ түрүндө кармап баштын бир жагы ооруйт. Көп учурда ички секреция бездеринин функциясы бузулганда, аялдардын этек кири келген же климакс мезгилинде да баш ооруйт. Караңгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары, мисалы, глаукома баш оорунун себептери болуп эсептелет.

Желке жана үч ача нервдердин невралгиясында бет жана желке сайгылашып, ачышып ооруйт. Мээ жана анын кабыгы сезгенгенде кусуп, дене абдан ысып, баш катуу ооруйт. Мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, баш сөөк-мээ травмасы да баш ооруга себеп болот. Баш оору ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нервдин бузулушун, ички органдардын ооруларын коштойт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш оорунун себебин билгенден кийин дарылоо керек. Такай ооруса догдур кайрылуу зарыл. Анын себебин таппай, өзү билгендей ооруну басаңдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет. Догдур өз убагында кайрылып, негизги ооруну дарылоо баш ооруну басат же азайтат. Күн тартибин туура уюштуруу маалы менен тамактануу, суу процедуралары, дарылоо гимнастикасы, желдетилген бөлмөдө уктоо, таза абада сейилдөө баш ооруну басууга жардам берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8