Кычкылтек

Википедия дан
Кычкылтек.

Кычкылтек (лат. Oxygenium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системаhhjhjhghghghglhglhgы VIА группа элементи, к.н. 8, ат. м. 15,9994. Жаратылышта кычкылтек массалык сандары 16О, 17О жана 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 жана О3 (озон) болот. К. металл эместер ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Электронго тектештиги 1,467эВ ; коваленттик радиусу 0,066 нм ; мол-сы эки атомдон турат. XVII-к. К. Дреббель К. бөлүп алып, бул газдын дем алуу үчүн өтө зарыл экендигин аныктаган. Таза түрүндөгү К. биринчи жолу (1772-ж.) К.Шееле KNO 3, NаNO3, Mg(NO3)2, 1774-ж. Ж.Пристли HgO бөлүп алган. 1775-ж. А.Лавуазье абанын курамын аныктап, ал К. менен азоттон турарын айткан жана к-талар курамына киргендиктен oxygene – «к-та пайда кылуучу» деп атаган. К. эң кеңири таралган элемент. Атм-да массасы б-ча 23,10 %, көлөмү б-ча 20,95 % чейин болот жана ал азоттон кийинки экинчи орунду ээлейт. Гидросферада 85,82 %, литосферада 52,8 % түзөт. Курамында К. бар 1400 ашуун минералдар белгилүү. Окистенүү, күйүү, чирүү жана дем алуунун натыйжасында атм-да К. санынын азайышы, өсүмдүктөрдө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу К. менен толукталат. К. жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Кайноо темп-расы 90,188К. Абадан бир аз оор. Нормалдуу шартта К. 1 л массасы 1,43 г/см3 ; 0 оC 100 көлөм сууда 4,9 көлөм, ал эми 20оС 3,1 көлөм К. эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн К. эригичтигинин мааниси өтө зор. -182,9оС жана нормалдуу басымда К. көгүлтүр түстөгү, тыгызд. 1,14 г/см3 болгон суюктук; - 218оС көк түстөгү катуу кристаллга айланат. К. гелий, неон жана аргондон башка бардык элементтер менен хим. бирикмелер пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr жана галогенди башка элементтер менен түздөн-түз аракетенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар менен болгон реакцияларында окистендиргич болуп саналат. Кээ бир заттар, мис., азот оксиди кан гемоглобини К. менен бөлмө темп-расында биригишет. К. катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү-жылуулукту жана жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. К. суутек менен реакцияга кирип сууну пайда кылат. Реакция катализатор катышуусунда 80о-100оС тез жүрөт. 500оC жогорку темп-рада К. аталган реакция жарылуу менен жүрөт. щелочтуу металлды (литий башкасын) К. атм-сында күйгүзгөндө пероксиддер М2О2 жана супероксиддер МО2 пайда болот. К. мезгилдик системанын II группа элементтери менен реакцияга кирет. Мис., Ba 20-25оС, Mg жана Be 500оС жогорку темп-рада күйөт. Реакция натыйжасында оксиддер жана пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg менен жогорку темп-рада гана аракеттенет. III группа элементтери темп-ранын таасиринде гана аракеттенет да оксиддер пайда кылат. Ti, Zr, Hf К. таасирине туруктуу. К. көмүртек менен реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат (394 кДж/моль). Алмаз, графит менен 700оС жогорку темп-рада аракеттенет. Азот менен 1200оС жогорку темп-рада гана аракеттенип NO пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин окистенет. VI группа элементтери S, Se, Te К. менен бир аз ысытканда эле аракеттенет. W жана Mo окистениши 400оС байкалат. Лаб-яда К. оксиддер, пероксиддер, оксокислоталар туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу менен алышат:

1) 2KMnO4 t ® K2MnO4 + MnO2 + O2 2) 2KClO3 ® 2 KCl + 3O2

3) 2H2O2 ® O2 + 2H2O

Ө. ж-да К. абанын курамынын -40оС жана 40 атм-лык басым астында суюктукка айлантып ректификациялоо менен алышат. Техникада К. металлды ширетүү, кесүү, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде жана медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундар, күкүрт, азот к-таларын, сода ж.б. хим. заттар алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]