Инерттүү газдар - мезгилдик системанын VIII группа хим. элементтери: гелий (Не), неон (Ne), аргон (Ar), криптон (Kr), ксенон (Xe), радон (Rn). Не жаратылышта ар кандай ядролук процесстер (ядролук ажыроо) натыйжасында пайда болот. Абанын курамында: көлөмү б-ча Не=5,24-10-4 %, =1,82× 10-3 %, Ar=0,9345 %, Kr=1,14×10-4 %, Хе=8,6×10-6 % болот. И. г. атомунун электрондук катмарлары толук (1s2He, ns2np6 калган И.г.) толгондуктан молекулалары бир атомдон турат жана алардын инерттүүлүгүн шарттайт. Ушуга жараша алар кыйындык менен суюк абалга өтөт, суюлуу темп-расы ат. м. өсүшү менен жогорулайт. Катуу абалда кубдук кристаллдык торчону пайда кылат. И. г. бардыгы диамагниттүү болушат. Сууда аз, орг. эриткичтерде дурусураак эришет да, ат. м. чоңойгон сайын эригичтиги көбөйөт. Бардык И. г. (гелийден башкасы) суу жана орг. эриткичтер менен туруксуз клатраттык бирикмелерди пайда кылышат. Хим. бирикмелерди пайда кылуу жөндөмдүүлүгү: Xe ®Kr® Ar иретте азайып отурат (Rn радиоактивдүүлүгү жогору болгондуктан катарга кирген жок). И. г. азот менен кычкылтекти алууда кошумча продуктулар катарында абадан алынат. И. г. инертүү чөйрө катарында металлургияда, атомдук жана ракеталык техникада, жарым өткөргүчтөрдү алууда жана башка колдонулат.